Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

ОРУСИЯ: ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН МҮЧӨЛӨРҮН ДАЙЫНДАДЫ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Орусия президенти Владимир Путин бүгүн (9-март күнү) жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн дайындады. Азыркы өкмөт 17 министрден турат. Эски өкмөттө 30 министрлик бар болчу. Ошентип, Орусиянын жаңы өкмөтүнүн курамы такталды. Өкмөттүн негизги милдети эмне болот? Министрликтердин санын кыскартуунун максаты эмнеде?

Президент Владимир Путин кайрадан көпчүлүк байкоочулар күтпөгөн кадамды жасады. Мурда болжол кылынгандай, Путин маанилүү эки министрликтин гана башчыларын алмаштырбай калдырды. Алар экономикалык өнүгүү жана соода министри Герман Греф менен каржы (финансы) министри Алексей Кудрин. Бул экөө акыркы жылдары өкмөттүн экономикалык саясатын ырасмий түрдө аныктап жүргөн. 5-мартта алмаштырылган Михаил Касьяновдун өкмөтүндө Греф экономикалык реформанын стратегиялык планы, ал эми Кудрин өтө маанилүү бюджеттик саясат үчүн түздөн түз жооптуу болушчу.

Өкмөттүн экономикалык блогунда эч кандай өзгөрүү болбогону Путин бул багытта ырааттуу саясат жүргүзүүгө бел байлаганын, мындан аркы төрт жылда да экономикага өзгөчө көңүл буралат, мамлекет менен бизнес чөйрөнүн кызматташуусу мурдакыдан да тыкыз болот деп боолгогонго түрткү берет. Бул бир. Экинчиден, экономикалык реформаны жүргүзүү анын стратегиясын иштеп чыккан адамдарга жүктөлгөнү, үчүнчүдөн реформачыл маанайдагы экономист эсептелген Александр Жуковдун биринчи –вице-премьер дайындалганы, Путин обол президенттик бийликке келгенден айтып жүргөндөй, жаңы өкмөт алдында ички дүң продукцияны кеминде 7-10 процентке көбөйтүп, Евробиримдиктин эң жарды мүчөсү Португалияны кууп жетпеген кезде да, ага жакындоо милдети тураарын көрсөтөт.

Путин өзү айткандай “өкмөттү реформалоо планынын автору” Дмитрий Козактын министрлер кабинетинин аппарат башчысы, министр болуп дайындалганы, көпчүлүк батыштык байкоочулар айтып жүргөндөй, премьер-министр Михаил Фрадков (сүрөттө) башындагы министрлер кабинети президенттин эркин ишке ашырчу аппараттын гана милдетин аткарып калат деген ойду бекемдейт.

Жаңы өкмөттүн дагы бир өзгөчөлүгү-бул министрликтердин санын кескин кыскарганы. Мурдакы өкмөттө 30 министр болсо, азыр эми 17 гана министрлик калды. Михаил Фрадковго да бир эле орун басар берилген.

Өкмөттүн курамындагы өзгөрүү, Путиндин сөзүнө караганда, “министрликтердин өз алдынчалыгын бекемдөө жана ишин тездетүүнү” көздөп жасалды.

Ал эми жаңы өкмөттүн курамын президенттик шайлоого чейин бекитүү себебин Путин мындай деп түшүндүрдү:

- Конституция боюнча, өкмөттүн кызматтан кетүү жараяны 14-марттан кийин болушу керек болчу. Бирок, министрлер кабинети азыр сунуш кылынгандан кийин, өкмөт алмашуусу нукура формалдуу окуя болот. Биз муну менен, өлкөнү президенттик шайлоодон кийин болчу узакка созулган жана өтө осол бюрократтык орундарга отургузуу, ошондой эле министрлердин портфелдерин бөлүштүрүү жараянынан куткарабыз.

Владимир Путиндин антибатышчыл саясаты үчүн кийинки айларда катуу сындалып жүргөн тышкы иштер министри Игорь Ивановдун ордуна Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы 1994-жылдан берки туруктуу өкүлү Сергей Лавровду дайындоосу да Батыштык байкоочулар үчүн күтүүсүз болду. 1998-жылдан бери тышкы иштер министрлигин жетектеп келген Игорь Иванов Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалды.

Талдоочулардын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин башына англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөгөн тажрыйбалуу дипломат келгени менен Орусиянын чет өлкөлөр менен жүргүзгөн саясатында чоң өзгөрүүлөр деле болбойт.

XS
SM
MD
LG