Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

10-мартта Жалалабад облусунун администрациясынын кеңейтилген жыйыны өттү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында белгиленгендей өткөн эки айда 1,8 млн. сомдук салык кем жыйналган. Каржы министрлигинин комиссиясы бюджетке тартыш 20 млн. сомду бөлүп-бөлүп берүүгө макул болгон. Өнөр жай тармагы тапшырмасын аткара албай калган. Алсак, облустун кампаларында былтыркыдан бир жарым эсе көп даяр продукция сатылбай турат. Электр кубатына карыз эки айда 46 млн. сомго өстү. Кар жана жер көчкүлөр менен суу ташкын күтүлгөн кезде тармак адистерине коркунучтуу жайларды изилдеп, жолдорду оңдоо көрсөтмөсү берилди. Кооптуу аймактардан былтыр көчпөй койгон атуулдарга шарт түзүү чаралары белгиленди.

XS
SM
MD
LG