Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16

ИСПАНИЯГА ТЕРРОР КЕЛДИ


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары Испаниянын борбору Мадридде удаама-удаа бир нече бомба жарылды. Өлкөнүн ички иштер министрлиги ырастаган маалыматтарга караганда,бери эле дегенде жүз жетимиштей адам кыргын тапты. Бирок кызыл кыйма кыянатта жаны кыйылгандардын саны арбын болушу мүмкүн. Испан бийликтери бул иштердин баарын басктардын ЭТА уюмунан көрүп жатат, эл аралык коомчулук террордук кыянатты кескин айыптоодо.

Кыяматтын баары кыймыл кычап турган маалда – эртең мененки саат сегизге чукул болду. Адегенде Мадриддин дал толтосундагы Аточа темир жол түйүнө жаңы эле келип токтогону жаткан эки поездде бомба жарылды. Аточа шаардын жака-бакасына, ошондой эле алыскы рейсттерге каттаган поезддер кымгуут келип-кетип турган эң ири транспорт комплексине кирет. Бул жерде метро аялдамасы да бар. Ошо себептен кыргын тапкандардын саны абдан арбын болду. Жарадар болгондор менен жапа чеккендердин толук эсебин алганга азырынча бийликтердин чамаасы жетпей жатат. Аточадагы кызыл кыйма кыянаттан көп өтпөй дагы эки поезд жарылды. Алардын биринде жүргүнчүлөр дээрлик жок болгон экен дешет.

Өкмөт апыл-тапыл жыйынга чогулуп,жагдайды талкуулады. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Иштин чоо-жайын мирисинен сирисине чейин билген али эч ким жок. Канабайран үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган да ким бирөө боло элек. Ошентсе да испан өкмөтү дароо эле бу кыянаттар баск сепаратистеринин ЭТА тобунун колунан келди деп түкшөмөл жасады. Аталган топ Испаниядан бөлүнүп,өзүнчө эгемен өлкө түзүү үчүн отуз жылдан бери күрөш жүргүзүп келет.

Басктар Испания менен Франция тогошкон аймакты байырлашат. Соңку кездери эки өлкө бириге киришип жатып, ЭТАнын бир топ эле кылтасын кыркканге жетишкен болчу.

Чалгындоо жана терроризм иштери боюнча белгилүү эксперт,британдык Ричард Еванстын айтымында, ЭТА акыркы эки жылда абдан эле алсыраган эле, курал-жарактары, жардырма заттары конфискацияланып, активисттери камакка алынып, катуу аксаган болчу. Испанияда анын саясий канатын түзгөн Батасун партиясына тыюу салынып, Францияда тымтыракайы чыккан бирин-серин гана кишилери калган. Ошондуктан Еванс Батыштын көптөгөн өлкөлөрүндөй эле Испанияга эл аралык, анын ичинде исламчыл терроризмдин коркунучу келген сыяктанат деп болгоолойт. Андыктан бу кыянаттардын баары жалгыз гана ЭТАнын иши эмес шекилди. Ал эми испаниялык абройлуу адистердин бири, профессор Антонио Гучтун ишениминде, мындай масштабдуу апаатты эл аралык террордук уюмдардын, биринчи кезекте “ал-Каиданын” жардамысыз ЭТА жасай албайт эле. Испания Кошмо Штаттары баштаган Ирактагы коалициянын активдүү мүчөсү экенин эске алганда,мунун калетсиздиги айкын көрүнүп турат,деп айтты испан профессору.

Эл аралык коомчулук кандуу террорду ким жасаса да кескин айыптады. Британ тышкы иштер министри Жек Стро террордук кыянаттар Испанияда алдыдагы жекшембиде боло турган парламенттик шайлоонун босогосунда жасалгандыгын белгилеп, мунун баарын европалык демократиянын түбүн копшогон үрөйү суук окуя деп баалады. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Мадриддеги террорду жеткен жексурлук деп атады. Жазаксыз канча адам бөөдө жайран болду,деп айтты немец министри жана испан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып,тилектештик билдирди. Башка өлкөлөр да Испанияга ушундай маанидеги колдоолорун айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG