Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Кыргызстандын жолдорунда кооптуу кырдаал сакталууда


БИШКЕК. Бишкек-Нарын жолун кыйгап өткөн «Жаңы жол» участкасында көлөмү 1000 кубометрден ашуун таш кулагандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылды. Учурда адистер тарабынан ал жерде тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Унаа үчүн азыр Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу ачык. Ал эми Бишкек-Ош автожолунун 224 жана 239 чакырымдарында атуулдук коргонуу боюнча башкармалык менен экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын бөлүктөрү тарабынан көчкү жүрүшү мүмкүн деген жерлерде карды атып түшүрүү боюнча иш-чаралар улантылууда. Буга байланыштуу Бишкек-Ош автожолу бул күндөрү унаа үчүн күндүзү жабык. Жол кечки саат алтыдан таңкы саат жетиге чейин гана ачылууда.

XS
SM
MD
LG