Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН КӨЧҮП КЕЛИП ЖАТКАН КЫРГЫЗДАРДА ЭМНЕ КӨЙГӨЙ?


Мирзохалим Каримов, Бишкек Кыргыз Республикасынын президентинин "Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан кыргыз этносундагыларга колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын негизинде тышкы иштер министрлигине караштуу иммиграциялык фонд түзүлүп, 2002-жылдан бери иштеп жатат. Анын ишмердүүлүгү тууралуу кабарчыбыз фонддун директору Мелисбек Байсымаков менен маектешкен.

- Мелисбек мырза, иммиграциялык фонд түзүлгөндөн бери кандай иштер аткарылды?

- Иммиграциялык фонд 2001-жылы президенттин жарлыгы жарыялангандан кийин өкмөттүн 2002-жылы кабыл алынган токтому менен уюшулган. Бул маселе боюнча биз чоң иштерди аткарып жатабыз. Маселен, Кыргызстанда азыр кайрымдуулук кыла турган көптөгөн эларалык уюмдар иштейт. Ошолор менен тыгыз байланыш түзүп, иш жүргүзүп келатабыз. Мисал үчүн, араб өлкөлөрүнүн ичинен Кувейт мамлекетинин эларалык кйрымдуулук фондусу бар. Кыргыз-Кувейт университетин каржылаган бул фонд азыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн көчүп келаткан кыргыздарга да чоң жардам көрсөтүүдө. Ошол фонддун күчү менен Чүй аймагына көчүп келген 17 үйбүлөгө там сатып бердик.

- Үйлөр кыргыздардын менчик үйү болуп калдыбы же фонддун эсебинде кала береби?

- Албетте, үйлөр алардын менчиги болуп калды. Эларалык кайрымдуулук фонддору аз камсыз болгон, жетим-жесири бар үй-бүлөлөргө 58 саан уй сатып беришти. Корея менен Американын кайрымдуулук уюмдары болсо азык-түлүк, кийим-кече жагынан көмөктөшүүдө. Чет өлкөлөрдөгү өзүбүздүн элчиликтер деле бул ишти жандандыруу жагына өз салымдарын кошуп жатышат. Мисалы үчүн Германиядагы элчилигибиз ал жактан кийим-кечелерди жөнөттү. Биз аларды Талас жана Чүй облустарынын айрым райондоруна көчүп келип отурукташкан кыргыздарга тараттык. Ивановка айылына отурукташкандар таза суу менен камсыз болуш үчүн 8 жерге суу түтүгүн орнотуп бердик. Ошентип, 2003-жылдын аягына чейин көрсөтүлгөн жардамдардын көлөмү акчалай эсептегенде 1 миллион сомго жетип калды. Кыскасы, биз бул ишти мындан ары да улантып, дагы көптөгөн эларалык уюмдар менен тыгыз байланыш түзөлү деген ойдобуз.

- Кыргызстанга качкын болуп келип, БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынын каражаты менен репортацияланган адам кайра Кыргызстанга келсе, фонд ага кандай мамиле жасашат?

- Фонддун негизги милдети - 2000-жылдан бери көчүп келип жаткан кыргыздарга жардам көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстанда азыр негизинен Өзбекстан менен Тажикстандан көчүп келген кыргыздар жашашууда. Быйыл жайында Түркиядан 12 үйбүлө - баш-аягы 100дөй адам көчүп келебиз деп жатышат.

Ооганстандагы кыргыздардын деле көптөгөн муктаждыктары бар. Бирок иммиграциялык фонд качкын болуп келгендерге жардам берүү үчүн түзүлгөн эмес. Алар өз убагында БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынан жардам алышкан. Качкындардын бир тобу жардам алып Тажикстанга кетишкен. Бирок кийин кайра Кыргызстанга келишип, биздин фондго көмөк сурап кайрылууну көздөшөт экен. Биз андай кишилерге жардам бералбайбыз. Буга жол бербес үчүн эми бизге кайрылгандардын ар биринин документтерин текшере баштадык. Тигил же бул адамдын Кыргызстанга качан келгенин жана Тажикстанга кайсыл учурда репортацияланганын тактагандан кийин гана чечим чыгарууну туура көрдүк.

XS
SM
MD
LG