Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Президенттик шайлоодо В. Путин алдыга чыкты


Россияда жекшемби күнү президенттик шайлоо өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоочулардын 66,5% ашыгы Владимир Путинге добуш беришкен. Экинчи орунда - коммунисттер атынан жарышка түшкөн Николай Харитонов, ага шайлоочулардын 17,4% добуш берди. Үчүнчү орунда - Сергей Глазьев келатат - 5,2%.

Байкоочулар президент Путиндин беш талапкер-атаандашын утуп, экинчи мөөнөткө бийликте калаарынан шек санашпайт. Шайлоо өттү деп деп табылыш үчүн 109 миллион шайлоочунун жарымынан көбүнүн добуш бергени жетиштүү. Борборшайлоокомдун маалымдашынча, кечки саат 19.30да шайлоочулардын 61,18 процентке жакыны добуш беришти.
Путин добуш бергенден кийин өз атаандаштарына ыраазычылыгын айтты:

- Спортко жандуу аралашып жүргөн кезден тартып атаандаштарыма чоң сый-урмат менен мамиле кыламын. Буга мени устат-машыктыруучуларым үйрөтүшкөн. Алардын (атаандаш-талапкерлердин) мени урматташып, таймашканы “килемге чыгышканы” үчүн ыраазымын. Алардын ар бири (президент болууга) татыктуу инсандар. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы эртең маалым болот.

XS
SM
MD
LG