Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Карачиде жардыргыч зат коюлган автоунаа табылды


Пакистандын Карачи шаарында бүгүн АКШнын консулдугуна таандык имараттын жанынан жардыргыч зат коюлган автоунаа табылды.
Жергиликтүү полиция белгисиз бир киши автофургон бузулуп калды деген шылтоо менен аны консулдуктун жанына таштап кеткенден кийин шектенип, унааны тинтип чыккан. Натыйжада бир бомба табылды.
Полиция бомбаны адистер зыянсыздандырганын билдирди. Алар консулдукту ири кыйроодон сактап калышканын билдиришти.

Полиция кызматкери бомбанын күчүн мындайча түшүндүрдү:

- Унаанын ичинде 750 литрлик цистерна табылды, бирок ал толтурулбаптыр. Цистернада 600 литрдей суюк жардыргыч зат, детонатор жана убакыт белгилөөчү жабдык табылды.

2002-жылдын июнь айында ушул эле Карачи шаарында АКШнын консулдугунун маңдайында бомба жардырылып, пакистандык 14 атуул набыт болгон. Андан мурун калаанын мейманкаларынын биринин жанында жан кечтинин чабуулунан франциялык 11 инженер мерт кеткен. Эки кол салуу үчүн тең ислам согушчандары айыпталган.

XS
SM
MD
LG