Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

"МАНАС" ТУУРАЛУУ КИНО КЫТАЙЛАРДЫН КҮЧҮ МЕНЕН ТАРТЫЛАТ


Султан Раев, Бишкек Кыргыз элинин рухий туу чокусу "Манас" тууралуу кыргыз-кытай биргелешкен көп сериялуу көркөм тасма тартылат.

Акыркы кездеги кыргыз-кытай байланыштары жаңы нукка бурула баштады. Буга дейре Кытай Кыргызстандын экономикалык, коопсуздук, аскердик кызматташтыгына кол кабыш кылып келген болсо, эми Кытай тарап маданий алака байланыштарын да чыңдоого кызыкдар экендигин билдирип, бул багытта жаңы кадамдарды жасап жатат.

Эки алакалаш мамлекеттин ортосунда дагы бир жаңы башталыштын тушоосу кесилгени турат. Айрыкча бул ишке кытайлык тараптар өзгөчө ынтаа коюшуп, демилгечи катары белсенип чыгышты. Максат кыргыз элинин рухий туу чокусу болгон "Манас" эпосунун негизинде көп сериялуу көркөм фильм тартуу. Эки уктаса да түшүнө кирбеген бул демилге кыргыз тараптын бетине муздак суу сепкендей эле болду. "Манас" тууралуу кино тартуу келечектин иши деп камаарабай жаткан кыргыз киночулары таламандын чак түшүндөгү бул сунушка ак деп, көк деп жооп бералбай, айтор "Манастын" жыйырма сериялуу кинотасмасын тартууга макулдук берди. Анан калса бул көп сериялуу фильмди тартуунун каражат жагын кытай тарап өз мойнуна ала турган болду. Жалпы карала турган каражат 20 млн. Кытай юанын, тагыраак айтканда 2,5 млн. Америка долларын түзөт. Айтмакчы, 20 сериялуу бул тасманын бардык чыгымын кытай миллиардери Хуан Ли Бо башкарган "Жун-Хун" корпорациясы өз мойнуна алып, ал эми кино тартуу жагын Пекиндеги телесериалдар студиясына тартышкан. Баса белгилеп кетүүчү бир жагдай: кытайлык миллиардер Хуан Ли Бо мырза беш жашынан тартып эле "Манас" эпосуна кызыгып, аны терең түшүнгөн инсан дешет.

Кытай тараптан кино жаратуу ишине белгилүү чыгармачыл адамдардан тышкары кытайлык атактуу илимпоздор Лянь Лин, Тяо-Ян, ошондой эле улуту дунган, дүйнөлүк фольклорду изилдөө жаатындагы чоң адис Мухаммед мырза да тартылган. Ал эми кыргыз тарабынан өнөктөштүк милдетин Кыргыз теле-радио корпорациясы аткармакчы.

Азыркы учурда эпосту тасмага алуунун алгачкы этаптары башталып, сценардык, режиссердук, административдик топтор кытай жана кыргыз тарабынан түзүлүп, бул ишке аттуу-баштуу адамдар тартылды. Такталган маалыматтарга караганда фильмдин башкы режиссерлугун кытай режиссеру алганы турат, ал эми кыргыз тарабы фильмди тартууда экинчи планда экендиги ачыктан-ачык байкалат. Кыргыз тарабынан фильмди жаратуу тобуна белгилүү драматургдар Бексултан Жакиев, Жаныш Кулманбетов, манастаанучу, окумуштуу Самар Мусаев, ошондой эле режиссерлук тайпага КТРдин вице-президенти, режиссер Молдосейит Мамбетакунов, кинооператор Хасан Кыдыралиев сыяктуу аттуу-баштуу адамдарыбыз кирген. Ушул тапта уюштуруу иштери, чыгармачыл этап кайсы деңгээлде турат деп сценардык топтун мүчөсү, белгилүү драматург Жаныш Кулмамбетовго кайрылганыбызда ал төмөндөгүлөрдү баяндады:

- Башкы сценардык план дээрлик жазылып бүтөйүн деп калды. Анткени телесериалды тартуу борборунун тартиби ошондой экен, биринчи тартыла турган фильм жөнүндө атайын кат берилет экен. Андан кийин анын сценардык планы иштелип чыгат экен. Ошондон кийин сценарийди тереңдетип иштөө жагы каралат. Азыр ошол боюнча иш жүрүп атат. Убакыт да өтө чукул калган, айдын аягына чейин толук бойдон бүтүп, атайы уюштуруучу комитет деген бар, карап туруп андан кийин кинону тарта турган топту түзүп, ошол топтун колдоруна карматат.

Жакынкы күндөрү тасмага алына турган бул чоң иштин тушоосу кесилгени турат. Арийне ар бир кыргыз Манас атасынын образын кинотасмадан көргүсү келет. Бирок кытайдын акчасына тартыла турган бул фильм Манас атабыздын чыныгы жүзүн, эр жүрөктүүлүгүн, эли-жерин сүйгөн, коргогон улук касиеттерин толук бойдон көз алдыбызга тарта алабы деген түпөйүл ниет ар бир кыргыз жүрөгүндө турат.
XS
SM
MD
LG