Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Бүгүн Мадридде массалык таат-ибаадаттар өткөрүлөт


Алардын баары террордо шейит кеткендердин арбайына арналат. Мындан тышкары Мадридде маркумдардын таажиялары да өткөрүлүүдө. Өлкөнүн тышкы иштер министри Ана Паласио бүгүн Мароккодогу таажияларга катышты. Мадридде өткөн бейшембиде курман болгондордун бир нечеси марокколуктар эле. Айрым маалыматтарда коопсуздук күчтөрү бир нече кишини кармаганы айтылат. Испаниянын ички иштер министри Анхел Асебес кечээ жакынкы күндөрдө Мадридде атайын жыйын өткөрүү зарылдыгын белгилеп, ага Евросоюзга кирген өлкөлөрдүн терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызматтарын катышууга чакырды. Мындай жыйын, Асебестин пикирине ылайык, террордук иштерди иликтөөдө күч-аракеттерди бириктирүү, маалымат алмашуу жана алдыдагы иш-чараларды пландоо үчүн зарыл.

XS
SM
MD
LG