Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Батумиге грузин парламентинин спикери келгени жатат


Нино Буржанадзе Грузия менен Ажариянын ортосунда тутанган тирешти жөнгө салуу үчүн Батумиге барганга даяр экенин билдирди. Бу кабарды автономиянын башчысы Аслан Абашидзе да ырастады. Ажариянын ички иштер министри Жемал Гогитидзе соңку окуялардан кийин эки тараптын өз ара ишеничи кескин сууп кеткенин, ошентсе да Абашидзе сүйлөшүүлөрдү кубаттай турганын белгиледи. Бүгүн Батумиде Москванын шаар башчысы Юрий Лужков Аслан Абашидзе менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Лужков Тбилиси менен Батуминин ортосуна арачы болгонго ниети жоктугун ырастап, маселени жөнжай отуруп, сүйлөшүү аркылуу жөнгө салгандын ордуна кырдаалды курчутуп жаткан аракеттерге өкүнүч билдирди.

XS
SM
MD
LG