Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

БУРЖАНАДЗЕ ГРУЗИН-АЖАР ТИРЕШҮҮСҮНӨ АРАЧЫ ТҮШТҮ


Грузин парламентинин төрайымы Нино Буржанадзе бүгүн автономдуу Ажар жумуриятын борбордук Тбилиси өкмөтү менен жараштыруу максатында Батумиге келди. Буржанадзени Грузиянын мамлекеттик коопсуздук министри Зураб Адеишвили коштоп жүрөт.

Батумиге келээри менен Нино Буржанадзе Ажариянын жумурият башчысы Аслан Абашидзе менен жолукту. Мунун алдыңкы күнү Тблисиде экенинде Буржанадзе Ажариянын жетекчилигин сынга алган эле:

- Грузин бийликтери бул чатакты тынчтык жол менен жөнгө салууну, кырдаалдан чыгуунун жолун табууну каалайт. Ошол эле кезде алар Ажариянын бөлүнүп кетишине, президент өлкөнүн бир аймагына кире албай калган абалга жол бере албайт. Бул - Ажариянын борбордук бийликтерди тааныбай тургандыгын көрсөтөт. Бирок биз кырдаалдан чыгуу жолун табаарыбызга ишенем.

Ошол эле кезде спикер айым Ажария менен Грузиянын ортосундагы бардык проблемаларды бир күндө чечип салуу мүмкүн эмес экендигин эскертти. Буржанадзе азыр Абашидзени президент Михаил Саакашвили менен жолугуштуруу мүмкүнчүлүгүн да издеп жатат. Спикер Батумиде жүргөндө Грузиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Вано Мерабишвили Маскөөгө барып, Орусиянын тышкы иштер министри жана коопсуздук кеңешинин катчысы менен жолугушууда.

Грузин өкмөтүнүн Ажарияда Тбилисинин бийлигин калыбына келтирүү аракеттерине Вашингтон колдоо билдирген. Ошол эле убакта Грузиянын жетекчилигин күч колдонуудан оолак болууга чакырууда. Мамдепартаменттин маалымат катчысы Адам Эрели буларды билдирди:

- Биз кырдаалга жакындан байкоо жүргүзүүдөбүз, эки тарап менен тең байланышта болуп жатабыз. Биз Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. 28-марттагы парламенттик шайлоонун демократиялык таризде өтүшүн борбордук өкмөт кепилдеши керек. Ошондуктан Ажарияны да, өлкөнүн башка аймактарын да бирдиктүү кармоо зарыл.

Экономикалык блокадага алынган Ажарияда кырдаал курч.

Соңку күндөрү Батумиде Ажар парламентинин спикеринин колдоочулары менен Саакашвилини жактагандар катуу кагылышкан эле. Мындан тышкары Тбилиси Ажар өкмөтүнө грузин кабарчыларына чабуулдарды шыкактаган деген доомат коюп жатат. Ал эми Грузиянын баш прокурору Ираклий Окруашвили президент Саакашвилини Ажарияга киргизбөөгө буйрук берген жумурияттын ички иштер министрине каршы кылмыш иши козголоорун жарыялады:

- Өткөн жекшембидеги окуяларга байланыштуу биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү, аскер жетекчилигин тартып алуу жана өлкөнүн мыйзамдуу бийлигине баш ийбөөчүлүк боюнча беренелердин негизинде кылмыш ишин козгодук. Ажариянын ички иштер министри Жемал Гогитидзе башкы уюштуруучу катары каралууда. Бирок ал грузин парламентинин мүчөсү болгондуктан, биз ага каршы кылмыш ишин ачууга парламенттен уруксат алышыбыз керек. Биз мындай чечимдин бир нече күндүн ичинде кабыл алынышын талап кылабыз.

Ал жекшембидеги окуяларга Ажариянын Коопсуздук министри Сосо Гогитидзенин, ички иштер министринин орун басары Давит Букарадзенин жана Кобулети администрациясынын жетекчиси Тарэл Халвашинин да тийешеси бар деп ырастады.

Грузин бийликтери Ажариянын автономдуу макамын жоюп, Абашидзенин өкмөтүн күч менен таркатат деген шыбыш кептер да отко май чачууда. Бирок расмий Тибилиси бул кинени четке какты. Абашидзе кетсе, кабатыр болбой тургандыгын жашырган жок, ошол эле убакта борбордук өкмөт Ажариянын жетекчиси бийликтен шайлоо аркылуу гана четтетилиши мүмкүн деп айтып жатат.

Ажарияда маалымдуулук чектелүү болгондуктан, Аслан Абашидзенин калк арасында канчалык колдоого ээ экендигин айтуу кыйын. Белгилүү болгондой, ал өзүнө ылым санаган Орусияга ишеним артып жаткан болуш керек. Ажарияда орус аскерлеринин турганы да ага чоң демөөр экенин боолголоого болот.

XS
SM
MD
LG