Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 9 миллион доллар бөлдү


БИШКЕК. Дүйнөлүк банк 16-мартта Кыргызстанга 9 миллион доллар насыя бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Ал насыя өлкөнүн төлөм жана банк системасын колдоого жумшалат. Бул тууралуу Улуттук банктын төлөм системасы боюнча бөлүмүнүн башчысы Автандил Сулайманов билдирди. Анын айтымында, төлөм системасын жакшыртуу боюнча долбоор эки жыл мурун иштелип чыга баштаган. Долбоордун максаты өлкөдө төлөмдөрдү, анын ичинде бюджеттик төлөмдөрдү банк системасы аркылуу жүргүзүү жана пластикалык карталарды киргизүү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG