Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Пакистанда талибдерге жана “ал-Каиданын” өкүлдөрүнө каршы согуш жүрүүдө


УОНА. Пакистандын армиясы Визирстан аймагында 300-400гө жакын талиптерди жана “ал-Каидачыларды” курчоого алды. Бул тууралуу бүгүн Пакистан аскер башчыларынын бири, генерал Шаукат Султан маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, каршылаштардан эки адам курчоодон кутулуп чыгам дегенде окко учушту.

Кечээ “ал-Каиданын” Усама бен Ладенден кийинки эле экинчи кишиси деп эсептелген Айман ал-Завахри колго түшүрүлдү деген маалымат да тарап кеткен. Бирок андай кабарды бүгүн генерал Шаукат Султан Ройтердин кабарчысына берген маегинде төгүнгө чыгарды:

– Айман ал-Завахри жөнүндө сиз эмнени айтып жатасыз – бул болгону журналисттердин эле божомолдору. Анын кармалганы, атургай анын бул аймакта экени тууралуу маалыматты Пакистан өкмөтүнөн эч ким бышыктаган эмес.

Согуш жүрүп жаткан аймактагы тургундар башка жактарга көчүрүлө баштады. Маалыматтарга караганда, Пакистан армиясы Визирстандын бир нече айылдарына чабуул жасоого камданып жатат.

XS
SM
MD
LG