Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Ирак согушу башталганына бир жыл болду


ВАШИНГТОН. Бүгүн Иракта согуш башталганына бир жыл болду. Президент Жорж Буш ушул окуяга байланыштуу Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө АКШ жана анын өнөктөштөрү терроризм коркунучуна каршы күрөштөн тайбай турганын билдирди. Террор бар кезде бир да өлкө өзүн коопсуз сезе албайт. Ошондуктан бул коркунучка каршы күрөшүү ар бир элдин милдети болуш керек, деди Жорж Буш:

- Террорчу-душмандар жашаган бир да өлкө болбошу керек. Чегинүүнүн жана алсыздыктын белгилери террордук баскынчылыкты күчөтүп, зомбулукту жандантат. Адамдарды коргоонун биздеги жалгыз жолу – бирдиктүү жана чечкиндүү аракет.

Буштун айтымында, Саддам Хусейн режиминин талкаланышы менен Жакынкы Чыгыштагы агрессиянын жана зомбулуктун булагы жок кылынды.

XS
SM
MD
LG