Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

«Өкмөттүн структурасы» жөнүндөгү мыйзамдын алашеми көп


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Өкмөттүн структурасы» жөнүндө ушул жылдын 6-февралында кабыл алган мыйзам боюнча өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө макулдук бере албайт. Мындай маалыматты бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустембеков билдирди. Анын айтымына караганда, аталган мыйзамда премьер-министр жана биринчи вице-премьер министрдин кызматы жөнүндө берене жок жана ал Конституциянын 70-беренесининин 2-пунктуна карама-каршы келет. Ушундан улам Жаныш Рустембеков «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдын 13-беренеси Конституцияга карама-каршы келээр же келбесин аныктап берүүнү жана биринчи вице-премьер-министрдин кызматынын мыйзамдуулугун тактап берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко кайрылган. Сот маселени палатанын тиешелүү комитети карарын билдирип, кайра кайтарган. Палатанын «Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук» комитети бул маселени келерки шейшембиде караган жатат. Ал эми президент Аскар Акаев Кубанычбек Жумалиевдин биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруусуна негиз берген жардыкка 19-мартта кол койду. Ал бул орунда 7-февралдан бери иштеп жаткан.

XS
SM
MD
LG