Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

НООРУЗ - ОТКО ТАБЫНГАНДАРДЫН УЛУУ МАЙРАМЫ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Нооруз же Жаңы жыл (Улустун Улуу Күнү) майрамы жазында, күн менен түн теңелгенде майрамдалат. Ирандыктардын айтымында, бул майрам Ирандан, тагыраак айтканда, отко табынган байыркы зороастрлардан тараган. Ал жаңылануунун, убай-дарттан арылып, дилди тазартуунун майрамы. Нооруз зороастрларда кандай белгиленет, бул майрам аймакка кийин келген ислам дини менен кандайча айкалышат, aнда оттун ойногон ролу кайсы, деги эле зороастризм адамзатына кандай адеп-ахлакты, кандай асыл-нарктарды калтырган? Бул тууралуу "Азаттыктын" фарсы тилинде чыгуучу "Фарда" кызматынын кызматкери Бакташ Хамсипур (Baktash Khamsepur) айтып берет.

- Мындан миңдеген жылдар мурда ирандыктар эки чоң майрамды белгилеген, бирөө күздүн башталышында, экинчиси жазында болгон. Ал кезде жылды төрткө эмес, экиге гана бөлүшкөн: жети ай – кыш, беш ай - жай айлары болгон. Жаз башталганда Нооруз, күздүн башында Митрахана же Күндүн кудайы Митранын майрамы белгиленген. Бул эки майрамдын жалпы жагы – экөө тең астрология илими аркылуу, жылдыз санагы жана жердин Күнгө карата жайгашышы менен аныкталган. Экинчи жагынан алар дыйканчылыкка байланышту болгон. Ошол эле кезде Нооруз менен Митрахана майрамдарынын диний орток түпнегизи бар, экөө тең Кудай, Аалам менен бир тушоодо. Ирандыктар бир замандарда Митра, башка убактарда Ахурамаздага сыйынышкан. Жалпылап айтканда, Ноорузда экономикалык же дыйканчылык зарылчылык менен - илимий же астрологиялык факторлор диний ишенимдер менен айкалышып, бир бүтүндүктү түзүп турат.

- Нооруз бул жаңы жылдын башы, жаз майрамы, анын сиз үчүн дагы мааниси бар?

- Мен үчүн Нооруздун эки өңүтү бар, бирөө - анын универсалдуулугу. Анткени Нооруз – жаздын, жашоонун башаты, ал чек ара дегенди билбейт, бүт дүйнө кайра жашарат, баары жаңырат. Ошондуктан бул майрам бүт адамзатына тийешелүү. Экинчиси – улуттук өңүтү. Нооруз - Ирандын маданиятындагы жана тарыхындагы эң ири майрам. Ал тууралуу Ирандын бүт мифтеринде, эпосторунда айтылат. Заратуштранын Авеста китебинде Нооруз жөнүндө түз айтылбайт, бирок биздин күнгө чейин сакталып калган бул китептин үзүндүсүндө Вандидаттын таржымалында мындай уламыш бар. Бир жылы кыш укмуштуудай катуу болуп, канаттуулар уясында, жаныбарлар чээнинда тоңуп, мал өлүп, жут башталат. Ошондо Жамшид падыша жер алдына шаар куруп, адамзатын, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактап калат. Оор кыштан кийин жаз келет. Ошондо эл жер астынан чыгып, чоң от жагып, жазды тосушат. Нооруз - Жамшидден калган жаз майрамы.

- Ноорузду Иранда Ислам дини арабдардан 8-кылымда келгенге чейин эле майрамдашкан, отко табынган зороастрлардын көбү мусулман динине өтүшкөн, калгандары куугунтукталып, дүйнөгө чачыраган. Бүгүн алар жок болуп кетүүнүн алдында турат. Иранда 100 миң чакты гана киши өзүн зороастр же заратушт деп билет. Алардын ыйык оту сакталган Индиянын Бомбей шаарында 200 миңдей зороастр бар. Мына ушундай карама-каршылыктарга карабастан, Нооруз майрамы Иранда күнү бүгүнгө чейин майрамдалып, Ислам дини менен чыр-чатагы жок жашап келет. Бул тууралуу маектешибиз буларды айтты:

- Нооруз Ислам менен шайкеш келген, ортодо чатак болгон эмес. Аймактагы көп элдерге мусулманчылык Ирандан келгендиктен, алар Ислам дини менен кошо Ноорузду да кабыл алышкан, ушундан улам алар Ноорузду исламдык жөрөлгө деп ойлошкон. Бир гана жыл санагында карама-каршылыктар бар. Байыркы Иранда жылды күндүн айлануусуна карап санашкан, Исламда ай менен санашат. Ушундан улам, эски майрамдар, мисалы өлгөндөрдү эскерүү жаңы календардагы майрам менен бир күнгө түшүп калышы мүмкүн!

- Кыргыздарда оттун өзгөчөлүү орду болгонун келинди отко киргизүү, отко май салуу, от агасы, от башы деген түшүнүктөрдөн баамдайбыз. Зороастрлардын от менен мамилеси кандай?

Зороастрлардын доорунан бүгүнгө чейин Нооруздун алдында шейшембиден шаршембиге караган түнү белгиленген «Чаршамби сури» деген майрам сакталып калган. Элдер отун чогултуп, от жагышат да, үстүнөн секиришет. Ошондой эле, күз башталганда белгиленген Митрахане - Күндүн кудайы Митранын күнүндө чоң от жагышат. Мындан тышкары, февралда белгиленген Саде деген майрам бар. «Саде» жүз дегенди билдирет. Ал да чоң оттун майрамы. Чаршамби сури менен Саде бир эле майрам болгон болушу мүмкүн, анткени жыл санактагы чаташуулардан улам, Саде алга жылып отуруп, март айында белгиленип калган шекилдүү. Чаршамби суриде элдер оттун үстүнөн секирип өтүп, "убай-дартты өзүңө ал, менин жүзүмө кызыл от бер" деп табынышат. Бул – от менен тазалануу дегенди билдирет.

- Бакташ, Исламдын беш жобосун аткарган киши нагыз мусулман болот. Ал эми нагыз зороастрдын багыттоочу принциптери кайсылар?

- Зороастризм философиясынын негизин акылдын сергектиги жана илим-билим түзөт. Заратуштра дүйнөнүн чок ортосуна кудайды эмес, адам баласын койгон. Бүгүнкү Батыш философиянын өзөгүндө да ушул түшүнүк жатат, өсүп-өнүккөн өлкөлөр дал ушул философияны – ааламдын борборунда Кудай эмес, адам турат деген түшүнүктү карманышат. Зороастризмде адамдар эркин. Муну минтиш керек, тигиндей кылыш керек деп эч нерсе таңууланбайт, ташка тамга баскандай катаң эреже жок. «Авестада» акыл калчап, туурасын өзүң тандап ал деп айтылат, демократия деген ушул эмеспи. Зороастризмде ошондой эле балдарды чынчылдыкка үйрөтүшөт. Дүйнөдө бир гана жол - чындыктын жолу бар деп айтылат. «Авестада» Заратуштра чындыктын эң мыктысын ал деген, анткени чындыктын түбүнө жетиш мүмкүн эмес, бирок ошого жетүүгө далалаттанышыбыз керек. Зороастризмдин пайдубалы үч жободон – пейлиң ак болсун, ак сүйлө, туура иш кыл деген үч жободон турат. Зороастр окуусунун түпкү эрежеси (формуласы) – ак пейил, ак сөз, адал иш.

XS
SM
MD
LG