Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КИТЕПКАНАЛАРДЫН АБАЛЫ ЖАКШЫРТЫЛАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы китепканалардын материалдык-техникалык абалы азырынча учурдун талаптарына жооп бербейт. Буга байланыштуу өлкөдөгү китепканалардын абалын жакшыртуу боюнча атайын Концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болду.

Белгилүү болгондой, китепканалар бүгүнкү күндө коомдогу маалымат, билим жана маданий борборлордон болуп эсептелет. Соңку он жылдыктардагы маалыматтуу коомдун ылдамдык менен өнүгүшүнүн шартында китепканалардын коомдогу социалдык институт катары орду ого бетер жогорулоодо. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1035 китепкана бар. Алардын ичинде 700 китепкана айыл өкмөттөрүнө карайт. Өлкөдө, ошондой эле жогорку, орто, кесиптик окуу жайларынын дээрлик баарында китепканалар бар. Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдөгү китепканалардын жалпы фондунда 19 млн 80 миң нуска китеп топтолгон.

1990-жылдарга чейин Кыргызстандагы китепканалар Советтер Союзуна кирген башка республикалардай эле, СССРде чыккан ар кайсы тармактар боюнча китептер, гезит журналдар менен акысыз камсыздалып турган.

Ал эми азыр болсо, китепканалардын жаңы чыккан китеп, басылмалар менен камсыздалышы кыйла начарлагандыгы байкалууда. Анткени, ар бир китепкана өз каражатынын эсебинен китепкананын корун толуктоого милдеттүү.

Буга байланыштуу китепканалардын абалын жакшыртуу боюнча Концепцияда мезгилдүү басылмалар менен камсыздалышынын жаңы ыкмаларын жолго койуу өзгөчө белгиленүүдө. Концепцияда, ошондой эле, китепканалардын фонддорундагы китептерди бирдиктүү системага салууга башкы көңүл бурулат. Маселен, Бишкек шаарындагы китепканаларда сакталган китептердин баары, же алсак, Ош же Талас облусундагы китепканалардын фонддорундагы китеп, мезгилдүү басма сөз каражаттары системалаштырылып, интернет-сайтка салынат. Окурман интернет-байланыш аркылуу ага керектүү китеп кайсы китепканада бар экендигин билип, пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат.

Кыргызстандагы китепканалардагы дагы бир маселе - сейрек кездешчү фонддордогу китептерди сактоого байланыштуу. Өткөн жылы эле Кыргызстандан ондогон баалуу китептер сыртка чыгарылып, сатылууга даярдалып жаткан учурда бул ишти жасаган кылмышкерлер Орусия менен Кыргызстандын атайын кызмат бөлүктөрүнүн биргелешкен иш-аракеттери менен кармалган эле.

Айрым китепканалардын кызматкерлери белгилешкендей, сейрек кездешчү китептерди сактоого тийиштүү көңүл бурулушу керек. Бул боюнча Ош облустук китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева мындай дейт:

- Негизи, ушул сейрек кездешчу китептерди өтө катуу көзөмөлдө сактоо керек. Себеби, ал китептер өзгөчө көзөмөлдө болушу керек. Аны сыртка чыгарбоо керек. Сыртка чыкты болду - ал андан ары колдон колго өтүп, жоголуп кетиши мүмкүн. Сейрек китептерди атайын шарты бар бөлмөдө сакташ керек, - дейт Ош шаардык китепкананын директору.

Учурда республикадагы китепканалардын баары өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын, компьютердик технологиялар менен жабдылышын жакшыртуу багытында иш жүргүзүүгө аракеттенишүүдө. Көпчүлүк китепканалардын жетекчилери белгилешкендей, мындай багыттагы иш-чараларга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жетишсиз. Ошондуктан, китепканалардын абалын жакшыртуу боюнча Концепцияда китепканаларды жаңы технологиялар менен жабдуу маселесине да чоң маани берилмекчи.

Өлкөдөгү китепканалардын арасынан материалдык базасы жана техникалык жабдылышы боюнча алдыңкы орунда, албетте, борбор калаадагы Улуттук китепкана турат. Бул китепканада да мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын жетишсиздигинен улам, эл аралык уюмдар менен каржылык кызматташуу багытында иш ургаалдуу жүргүзүлүп келет.

«Китепкананын бюджет тарабынан каржыланышы жетишсиз. Ошондуктан, биз чоң жардамдарды көрсөтө алган эл аралык уюмдар менен кызматташуу багытын тандап алганбыз», - дейт Бишкектеги Улуттук китепкананын директору Анара Чыныбаева. Китепкананын материалдык-техникалык базасы, инфраструктурасы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы, «Сорос-Кыргызстан», «Евразия» корлорунун, Каунтерпарт-Консорциум сыяктуу эл аралык уюмдардын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Китепканада бүгүнкү күндө электрондук каталогдор түзүлүп, ал 60 компьютер менен жабдылган. Китепкананын интернет баракчасы (веб-сайты) да ачылган.

Китепкананын компьютердик технологиялар боюнча бөлүмүнүн адиси Бахтияр Тугелбасов белгилегендей:

- Эгерде батыш өлкөлөрүнүн китепканаларына салыштырсак, биздин китепкананын компьютердик технологиялар менен жабдылышы кыйла артта. Ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү китепканаларга салыштырмалуу бул китепкананын компьютердик технологиялар менен жабдылышы жакшы эле деңгээлде. Ал эми Кыргызстанда, албетте, бүгүнкү күндө компьютердик технологиялар менен эң жакшы жабдылган китепкана – биздин улуттук китепкана.

Ал эми облустардагы китепканалардын материалдык-техникалык базас, албетте, борбор калаадагы китепканаларга караганда, кыйла начар. Бирок, аларга да эл аралык уюмдар тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул жөнүндө Нарын облустук китепканасынын директору Бурул Жумагулова мындай дейт:

Биздин китепкананын техникалык абалын жакшыртууга бюджеттен акча каражат каралбайт. Бирок, ага карабыстан, өзүбүз аракеттенип, эл аралык уюмдардын жардамы менен китеикананын абалын жакшыртып жатабыз.

Учурда облустардагы китепканалардагы абалды жакшыртууга «Сорос-Кыргызстан», «Евразия» өңдүү эл аралык уюмдар жардам көрсөтүүдө. Башкача айтканда, республикадагы китепканалардын окурмандардын бүгүнкү талаптарына жооп берген деңгээлге жетиши азырынча жалгыз гана эл аралык уюмдардын каржылык жардамына көз каранды болууда. Бул маселелерди чечүү жолдору каралган Концепция бийликтер тарабынан ушул жылы кабыл алынышы күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG