Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

ХАМАС уюмунун лидери Ахмед Яссин атып өлтүрүлдү


ГАЗА. Бүгүн таңга маал израилдик аскерлер ХАМАС уюмунун лидери Ахмед Яссинди ракета менен атып өлтүрүштү. Бул окуяга күбө болгондордун айтымында, Яссин мечиттен чыгып, автоунаа менен баратканда снаряд тийип, набыт болгон. Аны менен бараткан 3 адам дагы өлдү деген маалыматтар бар.
Буга байланыштуу палестиндиктер көчөгө чыгышып, израилдиктерден өч алаарын билдиришүүдө.
Палестиндин премьер-министри Ахмед Корейи Яссиндин өлтүрүлүшүн “акылга сыйбас жана коркунучтуу нерсе” деп баалады. Ясир Арафат болсо палестиндиктерди 3 күн аза күтүүгө чакырды.

Израиль өткөн ишембидеги порттогу болгон террордук окуядан кийин ислам согушчандарын артынан түшүп, өлтүрөөрүн жарыя кылган. Ахмед Яссин болсо өткөн айда Рейтер агенттигине берген интервьюсунда Израил качан өз баскынчылыгын токтоткондо гана, аларга каршы чабуул токтойт деген болчу:

- Мен жан кечтилик жана каршылык көрсөтүү дубал менен тосуунун аркасында эмес, баскынчылыктын токтошу менен токтойт деп ойлойм,- деген эле Яссин.

XS
SM
MD
LG