Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

ЭМНЕ ҮЧҮН БАҢГИЛЕР КӨБӨЙҮҮДӨ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Эларалык уюмдардын иликтөөлөрүнө караганда, соңку жылдарда Кыргызстанда баңгизатын колдонгон атуулдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Баңгичиликтин өсүшү өлкөдө СПИД илдетин жугузуп алгандардын санынын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө

БУУнун баңгизаттарын көзөмөлдөө жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматына караганда, соңку жылдарда постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда баңгизаттарды колдонгондордун саны барган сайын өсүүдө. 1998-жылы өлкөдө баңгизатын пайдаланган 20 миң адам болсо, 2003-жылы алардын саны 80 миңден ашып кеткен.

Ошондой эле барган сайын баңгилердин саны жаштар арасында көбөйүп бараткандыгы байкалат. Маселен, иликтөөлөрдүн жыйынтыгында баңгилердин 83 пайызын жаштар түзөөрү белгилүү болгон. Баңгилердин көбөйүшү өз мезгилинде, өлкөдө СПИД илдетине чалдыккандардын санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Анткени СПИД илдетине чалдыккан атуулдардын 80 пайызы баңгилер экендиги аныкталган. БУУнун баңгизаттарын көзөмөлдөө жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматына караганда, 1995-жылы Кыргызстанда СПИД илдетине чалдыккан 2 адам катталса, 2001-жылы өлкөдө мындай илдетке чалдыккан 149 атуул катталган. Ал эми 2004-жылы Кыргыстанда СПИД илдетине чалдыккан адамдардын саны 364 адамга жеткен. Эларалык эсперттердин маалыматына караганда, Кыгызстанда баңгилердин санынын өсүшү өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын, элдин жашоо шартынын начардыгы менен байланыштуу. Маселен, ырасмий маалыматтарга караганда, элинин жашоо деңгээли боюнча Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү орундарда турат. Айына Кыргызстанда бир адам өзүнүн күнүмдүк жашоосун өткөрүш үчүн 25 доллар керек болсо, өлкөдө орточо эмгек акынын өлчөмү 23 долларды түзөт. Аткаруу бийлигинин маалыматына караганда, кыргыз элинин 53 пайызы, тагыраак айтканда, ар бир экинчи атуул жакырчылыкта жашайт. Ал эми алардын 18 пайызы өтө жакыр абалда күн өткөрүшөт. Эларалык эксперттердин айтымында, мына ушундай элдин жашоо абалынын төмөндүгү жана жумушсуздук өз мезгилинде карапайым атуулдардын баңгизат менен шугулданып кетүүсүнө башкы себеп болууда.

Дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн баңгизаттын 60 пайызы Ооганстанда өндүрүлөт. Ооган баңгизаты Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагы аркылуу батыш өлкөлөрүнө ташылат. Мына ушундан уламбы соңку жылдары Кыргызстандын түштүк аймагында карапайм атуулдар жашоо турумушун өткөрүү үчүн бангизатын алып сатуу менен алектектенген учурлар көп кездеше баштады. Ошондой эле бул аймакта баңгизатын да арзан баада сатып алууга болот. Бул тууралуу Ош облусунун губернатору Накен Касиев буга чейинки өкмөт жыйынында мындайча пикирин билдирген.

- Бүгүнкү күнү базарда баңгизатынын бир жолу колдоно турган өлчөмү 50 сом турат. Демек, ар бир жаш адам же банги каалаган учурда бангизатын сатып алууга мүмкүндүгү бар.

Ошондой эле Накен Касиев, соңку жылдары Кыргызстанда баңгизатын колдонгондордун саны өсүп бараткандыгын айтып, аны токтотуу үчүн эларалык коомчулуктун колдоосу менен Кыргызстан аркылуу баңгизатын ташып өтүүгө бөгөт коюу керектигин белгилеген:

- Соңку жылдарда баңгилердин саны он эсе көбөйдү. Тилекке каршы буга чейин биз баңгизатын ташууга бөгөт койо албай келебиз. Бул багытта иш алып баруу үчүн АКШ жана эларалык уюдар бизге баңгизатын көзөмөлгө алуучу эки текшерүү постун курууга жардам берди. Бул албетте баңгизатынын ташылышын азайтууга жардам берет. Ушундай жол менен баңгизатын сатууну көзөмөлгө алууга жетишсек гана жыйынтык болот. Антпесек абал оор.
XS
SM
MD
LG