Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Ф. Куловдун арызын Акыйкатчы карайт


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун арызы өлкөнүн Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу тарабынан каралат. Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчы журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Акыйкатчыга жолдогон арызында Ф. Кулов сот тарабынан анын үстүнөн мыйзамсыз түрдө кылмыш иши козголгондугу жөнүндө айтып, анын бузулган укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, соттук териштирүүлөргө кийлигишүүгө Акыйкатчынын укугу жок, бирок, ал сотторго сунуш иретинде кайрыла алат. Буга чейин Феликс Куловдун сот иши боюнча иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен Акыйкатчыга «Арнамыс» партиясынан кайрылышкан. Бирок, «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, жабырлануучу адам өзү гана Акыйкатчыга арыз менен кайрылышы керек.

XS
SM
MD
LG