Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ «ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮНҮ КААЛАШАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын он тогузунчу сессиясы өз ишин баштады. Түштөн кийинки отурумда депутаттар өкмөттүн буга чейин дайындалган айрым мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү тууралуу маселени карай башташты. Көпчүлүк депутаттар өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөн соң, өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык өкмөттүн толук курамын кайра бекитүү зарылчылыгын айтышты.

Эл өкүлдөр жыйынынын 19-сессиясынын күн тартибине 78 маселе киргизилди. Алгач депутаттар өкмөттүн буга чейин дайындалган айрым мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү тууралуу маселени кароону башташты. Көпчүлүк депутаттар Эл өкүлдөр жыйынынынын үстүбүздөгү жылдын 6-февралындагы отрумунда кабыл алынган «Өкмөттүн түзүмү» тууралуу мыйзамдын негизинде өкмөттүн айрым мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү мыйзамсыз экендигин белгилешти. Алардын айтымында, 1997-жылы кабыл алынган өкмөт тууралуу мыйзамдын 13-беренесинде «өкмөттүн түзүмү өкмөттүн курамынан турат» деп жазылган. Ошондуктан өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндөн кийин өкмөттүн толук курамын кайра бекитүү зарыл.

Эгерде андай болбосо эртеби-кечпи учурдагы өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн мыйзамсыздыгы тууралуу маселе көтөрүлөөрүн бир ооздон белгилешти. Ошондой эле Болот Байкожоев, Жаныш Рустанбеков, Муратбек Мукашев, Исхах Масалиев жана башка депутаттар Конституциянын жаңы редакциясынын 70-беренесининин экинчи пунктунда «өкмөт премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат» деп жазылгандыгын, ошондуктан, өкмөттүн түзүмүн өзгөрткөндөн кийин өкмөттүн курамы да өзгөрүп жатат, андыктан өкмөттү толук бойдон бекитүү керек дешти.

Депутаттардын мындай пикирине сессияга катышкан аткаруу бийлик өкүлдөрү макул болушкан жок. Бул маселе боюнча депутаттардын суроолоруна өкмөт башчы Николай Танаев жана юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыров жооп беришти. Депутаттар «өмөттүн түзүмү», «өкмөттүн курамы» деген түшүнүктөрдүн айырмасын айтып берүүнү сураганда Юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыров мындайча жооп берди:

- «Өкмөт тууралуу» мыйзамдын 11-беренесине ылайык өкмөттүн түзүмү министрлик жана мамлекеттик комитеттерден, ал эми өкмөттүн курамы өкмөт башчы, вице-премьер-министр, анын ичинде биринчи вице-премьр-министрден турат. Өкмөттүн түзүмүнө премьер-минстр жана вице-премьер-министрлер кирбейт. Премьер-министр жана вице-премьер-минстирлер өкмөттүн түзүмү эмес, өкмөттүн курамына кирет. Бул жолу өкмөттүн түзүмү өзгөртүлүп жаткандыктан, өкмөттүн курамы тууралуу сөз кылуу туура эмес.

Юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыровдун мындай жообу депутаттарды канааттандырган жок. Депутат Бакир Жолчиев төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Эгемендүүлүк мезгилинде өкмөттүн түзүмү бир нече жолу өзгөргөн. Ал өзгөртүүлөрдү мурдагы Конституцияга ылайык мамлекет башчы өзү жүргүзгөн. Демек, ал өзгөртүүлөрдө өкмөттүн структурасы өзгөргөндө, өкмөттүн толук курамы да жаңыланган. Азыр да өкмөттүн толук курамы жаңыланышы керек.

Андан ары талаш-тартыш маселе боюнча Болот Байкожоев, Муратбек Мукашов жана башка депутаттар чыгып сөз сүйлөштү. Алар өкмөттүн түзүмү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүну сунушташты. Талкуунун соңунда депутаттар өкмөтүн буга чейинки дайындалган мүчөлөрүнө макулдук берип, бирок өкмөттүн түзүмү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү чечимине токтолушту.

Депутаттар сунуш кылган өзгөртүүнүн маңызы тууралуу депутат Муратбек Мукашев буларды айтып берди:

- Буга чейин өкмөттүн структурасына өкмөт башчы, биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер кирген эмес. Биз бул жолу ушул үч кызматты өкмөттүн структурасына киргизүүнү сунуштап жатабыз.

XS
SM
MD
LG