Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Катардан орус дипломаты Москвага кайтып келди


Орус элчилигинин биринчи катчысы Александр Фетисов февралдан бери дипломатиялык миссиянын аймагында үй камагында отурган. Катар бийликтери андан мурдагы чечен президенти Зелимхан Яндарбиевдин өмүрүнө забын болгондордун бири деп шек санашкан эле. Россиялык дагы эки киши ушундай шек-шыбаа менен Катарда кармалып жатышат. Кечээ орус бийликтери өткөн айда Москвадагы аэропорттордун биринде кармалган катарлык эки тургунду бошотушкан болчу.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдган – Эсенбай Нурушев, Прага

XS
SM
MD
LG