Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:02

1-мартта Мадриддеги террор аракетинен курман болгондордун тажыясы өткөрүлдү


11-мартта Испанияда ишке ашырылган террор аракеттеринен курман болгон 190 адамдын тажыясы кечээ күнү Мадрид шаарында өткөрүлдү. Кардинал Антонио Роуко Вареланын айтымында, террор аракеттери өтө ырайымсыз болгон: "Алдын-ала пландалып жана өтө ырайымсыздык менен ишке ашырылган ал кара күндөгү террор силердин жакындарыңардын өмүрүн алып кеткенден бери баарыңардын жүрөгүңөр чексиз күйүткө батты. Ошол күндөн бери силердин күйүт - Мадриддин, Испаниянын жана бүткүл дүйнөнүн күйүтүнө айланды". Тажыяга Испания падышасы Хуан Карлос, Франциянын президенти Жак Ширак, Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр, Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер жана башка жетекчилер катышты.

XS
SM
MD
LG