Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

КАЙСЫ ӨЛКӨ КОРРУПЦИЯГАКӨБҮҮРӨӨК МАЛЫНГАН? КЫРГЫЗСТАН - 118-ОРУНДА


Бүгүн (бейшембиде) «Транспэрэнси интернэшнл” эл аралык уюму коррупциянын дүйнө жүзүндөгү абалы деген жылдык баяндамасын жарыялады. Эл аралык бейөкмөт уюмунун аныктамасында, Кыргызстан коррупция боюнча иликтөөгө алынган 133 өлкөнүн арасынан 118-орунду ээлейт.

“Транспэрэнси интернешнл” уюму дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка социалдык тармакка багытталган каражаттар паракорлукка малынган жетекчилердин чөнтөктөрүнө агып жатканын баса белгилейт.

Докладда акыркы 20 жылдын ичинде эң ири коррупционер деген атка конгон лидерлердин тизмесин да жарыялады. Алардын көпчүлүгү Азия, Африка жана Латын Америкасынын өкүлдөрү. Тизменин биринчи сабына Индонезиянын мурунку президенти Мохамед Сухарто жайгашкан. Ал өлкөнүн казынасынан 35 миллион долларга жакын каражатты өз чөнтөгүнө салып алган.

Паракор-жетекчилердин тизмесине Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевич менен Украинанын мурдагы премьери Павло Лазаренко да киргизилген.

Эл аралык уюмдун ырастоосунда, коррупция өзгөчө пост-коммунисттик жумурияттарда гүлдөп өсүүдө.

Коррупция карапайым элдин социалдык акыбалына түздөн түз таасир этет, - деп айтылат баяндамада. Анткени айрым учурларда сапаттуу медициналык жардам алуу же билим алуу жең ичинен акча төлөмөйүнчө бир кыйла кыйындайт. Натыйжада, калкта адилетсиздик, үмүтсүздүк сезими пайда болот да, эл ар кандай нааразычылык же зомбулук аракеттерге барышы да ажеп эмес.

Уюмду кабатырланткан дагы бир нерсе – саясий лидерлердин кол тийбестигинин кеңейиши. Бул көрүнүш өзгөчө Чыгыш Европада кулач жайууда. Чыгыш Европанын кээ бир мамлекеттеринде, Азербайжан жана Кыргызстанда жогорку жетекчилерди коррупцияга малынгандыгы үчүн жоопко тартмай тургай, тескерисинче, мындай аракеттерге бөгөт койчу мыйзам же кабыл алынган же даярдалып жатат, делет баяндамада.

Докладдын Кыргызстанга арналган бөлүмүндө өлкөдө болгон айрым мыйзамдык жана институттук өзгөрүүлөр жөнүндө айтылат. Алардын ичинде Омбудсмандын (же Акыйкатчынын) иштей башташы, конституцияга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча референдум, ак ниет башкаруу боюнча кеңештин жана көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча атайын комиссиянын түзүлүшү баса белгиленген.

Бул жөнүндө уюмдун кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Айгул Акматжанова мындай дейт:

- Бул баяндамада позитивдүү жана терс көрүнүштөр чагылдырылды. Ак ниет башкаруу боюнча кеңештин жана Омбудсман институтунун пайда болушу оң жылыш катары бааланды. Ал эми негативдүү жактар жөнүндө айтсак, албетте, биринчи кезекте, бул - массалык маалымат каражаттарындагы абал. Анын себеби, биздин пикирибизде, аларды колдогон мыйзамдардын чийкилигинде.

Баяндамада Кыргызстандагы кээ бир маалымат каражаттары эбегейсиз өлчөмдө соттук айып пулдарды төлөй албай жабылганы баса белгиленет. Мисал катары “Кыргыз Ордо”, “Моя столица-новости”, “Общественный рейтинг” басылмаларынын үстүнөн жүргөн сот иштери келтирилген.

Коррупцияга каршы күрөшүүчү Ак ниет башкаруу кеңеши оң көрүнүш катары бааланганы менен, уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Миклош Маршалл белгилегендей, андай мекеме көз каранды эмес болууга тийиш:

- Паракорлукка каршы багытталган түзүлүш парламентке эмес, аткаруу бийлигине баш ийсе, анда анын майнабы жөнүндө сөз да кылуунун кажети жок. Коррупция менен күрөшкөн мекеме толугу менен көз карандысыз, жакшы каржыланган болууга тийиш. Андай болбогон күндө, ал жөн гана өкмөттүк пропаганданын бир бөлүгү болуп калат. Бул Чыгыш жана Борбордук Европанын ар бир өлкөсүнө мүнөздүү көрүнүш. Анти-коррупциялык мекеме өкмөткө баш ийгендиктен, анын саясатын жүргүзүп, мыйзам бузууларды өзүнөн эмес, саясий каршылаштарынын арасынан издей баштайт.

XS
SM
MD
LG