Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Болочок өкмөт мүчөлөрү тизме боюнча дайындалабы?


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап, аны толугу менен кабыл алышты. Кызуу талаш-тартышты келечекте өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңеш тарабынан бекитүү маселеси жаратты. Аткаруу бийлик өкүлдөрү келечекте өкмөт өкүлдөрүн Жогорку Кеңеш тарабынан тизме менен баарын чогуу бекитүүнү сунушташса, депутаттар болочок өкмөт мүчөлөрүн бирден бекитүүнү айтышты. Натыйжада эки тараптын тең сунушу өтпөй, өкмөт мүчөлөрүн Баш мыйзамдын 46-беренесинин экинчи пунктуна ылайык бекитүү чечимине келишти. Ал беренеде «Өкмөт мүчөлөрү премьер-министрдин сунушу, Жогорку Кеңештин маакулдугу менен мамлекет башчысы дайындайт» деп жазылган.

Юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыровдун айтымында, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык өкмөт мүчөлөрүн бекитүү эрежеси мамлекет башчы тарабынан аныкталат.

XS
SM
MD
LG