Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Америкалык атуул сыйланды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык АКШнын Кыргызстандагы элчисинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Барри Жонсон «Эрдик» медалы менен сыйланды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, америкалык атуулга мындай сыйлык анын 15-мартта Нарын облусунда тоо арасында кыйроого учураган тик учактын ичиндеги атуулдарды куткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн ыйгарылды.

Нарын облусунда тоо арасында кар көчкүгө камалган аңчыларды куткаруу үчун барган тик учак 15-мартта кыйроого учураган. Натыйжада бир учкуч, жергиликтүү бир тургун каза болуп, тогуз адам жараат алышкан.

XS
SM
MD
LG