Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

Бишкекке Николай Бордюжа келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке коллективдүү кооопсуздук келишими уюмунун коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Эртең Николай Бордюжа президент Аскар Акаев, коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушат. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушуу учурунда коопсуздукту камсыздоо, терроризм, экстремизм сыяктуу көрүнүштөгө каршы күрөшүү багытында биргелешип иштөөнү жакшыртуу маселелерин талкуулашат. Жолугушуунун соңунда маалымат жыйыны өткөрүлөт. Николай Бордюжанын Кыргызстандагы иш сапары 31-мартта аяктайт.

XS
SM
MD
LG