Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

ОШТУ СПИД КАПТОО КОРКУНУЧУ БАР


Кожогелди Култегин, Ош шаары СПИД илдетин пайда кылуучу ВИЧ-инфекция айрыкча Ош аймагында тарап кетүү коркунучу бар. Андыктан эл арасында оорунун алдын-алуу үчүн сойкулар үйүн ачуу зарылбы деген суроолор да пайда болууда.

Жалпы Кыргызстан боюнча ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын жарымынан көбү Ош облусу менен Ош шаарында. Бүгүн каттоодо 256 киши турат. Алардын он үчү, башкача айтканда, 5 пайызы аялдар. Аялдардын бешөө ВИЧ-инфекциясын жыныстык катнаш учурунда жуктуруп алгандыгы ырасталып, коомчулукту катуу сестентип жатат. Сөз Оштогу СПИД борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаевде:

- Бул "эң илгерки профессия" деп айтабыз. Азыр Ош шаарында эле 700-800гө жакын сойкулар бар. Мончолордо, сауналарда, мейманкаларда жүрүшөт. Сойкулукту жойгонго мыйзам жок экен. Ошондуктан булардын арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүү керек.

ВИЧ-инфекциянын жыныстык жол менен таралуу коркунучу пайда болоор замат Ошто, айрыкча өкмөттүк эмес уюмдар иштерин кескин жандантты. Алар ВИЧ-инфекцияны эң биринчи кезекте сойкулардын арасында жайылтпоо менен катуу
алек. "Подруга" коомдук корунун аткаруучу директору Таалай Абдыраимовдун
пикири мындай:

- Биздин "Подруга" коомдук корубуздун негизги миссиялары ВИЧ, СПИД жана жыныстык катнаш аркылуу жуга турган башка ооруларды алдын алуу. Биз
уюм сойкулардын клиенттери менен тыгыз байланышта иштейбиз. Биздин кызматкерлер алардын жашаган жерине, сауналарга барышып, кичи сессияларды өткөрүп, контакт түзүп атат. Презервативдерди таратабыз. Канча сойку бар - аны так билбейбиз. Миң болушу мүмкүн деп айтышат кээ бирлери.


Сойкулук соңку жылдары уюмдашкан, топтошкон мүнөздө өсүүдө. Бул биринчи кезекте кардарлардын жана тартип коргоо кызматкерлеринин сойкуларга көрсөткөн зомбулугунан дешет. Экинчи кезекте - ага ылайык сутенерлордун сойкуларды коргой билүүсүнөн улам болуп жаткандыгы жашыруун эмес.

ВИЧ-инфекциянын бир өзгөчөлүгү - жуккандан кийин кыйла мезгилге чейин сезилбей жүрө бериши мүмкүн. Бул убакыт 7 айдан 15 жылга чейин созулат. Ушул узак мезгил ичинде канчасы канчаларга жуктураарын ким билсин. Андыктан дүйнөдө ВИЧ-инфекциясын башка жолдор менен жуктургандардын санын ырасмий каттоодогулардан 10 эсе көп деп божомолдосо, жыныстык катнаш жолу менен жуктургандардын саны 20 эсе көп деп эсептешет экен.

Демек Ошто азыр бешөө эмес, жүз чакты. Натыйжада азыр кеч боло электе сойкулардын көбөйүшүн цивилизациялык жол менен чектеген мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара жөнүндө да ойлонууга туура келүүдө.

Оштогу СПИД борборунун башкы директору Түгөлбай Мамаев бул тууралуу мындай дейт:

- ВИЧ-инфекциясы, сойкулар көбөйүп атса, биз медик катары аларды медициналык кароодон өткөрүүбүз керек, бир жагынан. Экинчи жагынан сойкукана ачып койсо мамлекетке дагы салык түшөт эле.

"Подруганын" аткаруучу директору Таалай Абдыраимов мындай пикирге каршы:

- Сойкукана ачкан менен ал эч кандай пайда келтирбейт. Кылмыштуулук да ошол райондо көп болот. Милиция кызматкерлери же башка күч структуралар ошол районго барыштан тажап калышат. Ошондуктан СПИД, ВИЧ өсүп кетет деп ойлойм.

Маалымат үчүн айта кетели, бүгүнкү күнгө чейин КМШнын эч бир өлкөсү сойкукана ача элек. Ал эми илгерки СССР курамындагы республикалардан Балтика боюндагы мамлекеттердин бирөөндө гана сойкукана ачык иштейт. Сойкукана ачуу жагдайындагы талаш ВИЧ-инфекция жыныстык катнаш жолу менен арбын таралган сайын күчөгөндөн-күчөөрү турган иш.

XS
SM
MD
LG