Ак үйдөгү бүгүнкү кабыл алууга Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш, НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер жана уюмга кирип жаткан Болгария, Латвия, Литва, Словакия, Словения, Румыния, Эстониянын премьер- инистрлери катышмакчы. Ал эми 2-апрелде аталган өлкөлөрдүн желектери НАТОнун Брюсселдеги башкеңсесинде салтанаттуу жагдайда көтөрүлөт. Жогорудагы жети өлкө НАТОго кирүүгө уюмдун 2002-жылдын күзүндө, Прагада болгон саммитинде чакырык алган.