Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Бейөкмөт уюмдар өкмөттүн концепциясына нааразы


БИШКЕК. "Бейөкмөт уюмдар менен өкмөттүн өз ара кызматташуусу тууралуу өкмөт кабыл алган концепция чийки жана ал жарандык коомдун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөсүнө кедергисин тийгизет". Мындай пикирин «Азаттык» радиосуна бейөкмөт уюмдардын «Атуулдук коом жана демократия үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдиришти. Алардын айтымында, концепцияны кабыл алуу зарылдыгы бар, бирок аны бейөкмөт уюмдардын коомдогу ролу менен ордун түшүнбөгөн адамдар иштеп чыккандыктан, бейөкмөт уюмдардын коомдогу милдет, максаттары концепцияда камтылбай калган. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да өкмөт ал концепцияны уюмдардын өкүлдөрү менен бирге кайрадан иштеп чыгууга милдеттүү экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG