Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

ЖЕР АЛДЫНАН САРЫГЫП ЧЫККАН СУУЛАР, ӨЗБЕКСТАНДАГЫ КЫРДААЛ, КЫЙНАЛГАН ЭЛ


Мамлекеттик тил мыйзамынын айланасындагы талаш мезгилдүү басылмаларда узакка созула турган окшоп калды. Кыргыз-орус тилдеринин өнүгүшүнө мамлекет өзү камкордук көрө тургандыгын тастыктаган президенттин жардыгы чыкты. Кыргыз басылмаларында Өзбекстандагы абал, Ташкендеги атышуулар, кошуна өлкөлөрдүн коопсуздук чараларын күчөткөндүгү тууралуу маалыматтар жарыяланууда.

Мамлекеттик тил мыйзамынын айланасында аркыл кептер айтылганын, жыйынтыгында келип президенттин демилгеси менен кош тилдүүлүк саясатына өзгөчө маани бериле баштаганын шаршембидеги “Аргументы и факты” апталыгынын Кыргызстанда чыгуучу тиркемесинде Софья Бенгальская жазды. Жаңы мыйзамды ишке киргизүүгө президенттик жарлык менен 10 жылдык мөөнөт белгиленүүдө.

Гезитте Өзбекстандагы жардыруулар, ага байланыштуу Кыргызстан коопсуздук чараларын күчөтүп жатканын маалымдаган материалга орун берилген.

Кийинки эки жылда Ысыккөл облусуна 133 миллион сом инвестиция тартылган. Көл жээгинде туристтик индустрияны өнүктүрүү максатында Жапан өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кытайдын “Жункун” корпорациясы бул ишке 1 миллиард юан жумшоо ниетинде, деп маалымдайт Кыргызстандын туризм, спорт, жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков гезитте жарыяланган маегинде.

Кыргызстанда орус жана кыргыз тилдерин колдонуу боюнча кошумча шарттарды түзүүгө арналган президенттин жарлыгынын долбоорун “Дело №” гезити жарыялады. Жарлыкка ылайык орус тилин үйрөтүү иштерин жакшы жолго коюу үчүн Чүй облусу менен Бишкектен башка аймактардын баарында шарт түзүлүшү керек. Өкмөт эмдиги жылдан тарта мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүп турмакчы. 2007-жылга чейин мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билиши, атайын сынактан өтүшүнүн квалификациялык талаптарын иштеп чыгат.

Басылманын жаңы санында Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери түзгөн ыктымал табигый кырсыктардын картасы тууралуу маалымдама жарыяланган. Адистердин эсебинде кийинки 13 жыл ичинде Кыргызстанда 388 жолу сел жүргөн. 314 ирет жер көчкү, 194 суу ташкын, 175 жер титирөө болгон. Мындан сырткары Кыргызстанда суу тосмолордун, тоо ичиндеги көлдөрдүн жарылып кетиш коркунучу бар. Бишкектин төмөн жагында жер алдынан сарыгып чыккан суулар көбөйүүдө.

Биртоп жылдан бери Бишкектеги эт комбинатынын бош турган имаратында баш калкалап жүргөн 500гө жакын адам сот чечими менен жашаган жерлеринен күч менен чыгарылгандыгын шаршембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалым кылды. “Ош базарында” соода кылып, күндөлүк тирилигин өткөрүп жүргөндөрдүн көбү айылдан шаарга жакшы турмуш эңсеп келгендер болчу, деп маалымдайт гезит.

Басылмада Ташкендеги окуялар тууралуу маалыматтар жарыяланган. Өзбекстан уюшкан жанкечтилердин чабуулуна кабылганын, 30-мартта Ташкендин жанындагы МАИ постунда, Ташкен трактор заводуна жакын жерде атышуулар болгондугун чет элдик журналисттин маалыматына таянып Асел Оторбаева жазат.

Өзбекстан чекгарасын жылчыксыз жаап салышынан Кыргызстан жарандары кыйынчылык тартып жатышканын бейшембиде чыгуучу “Общественный рейтинг” гезити да жазууда. Басылмада даярдалып жаткан материалдар тууралуу жооптуу катчы Наргиза Кожомкулова айтып бермекчи:

- Гезитте парламенттин эл өкүлдөр палатасы эмнеликтен Амангелди Муралиевди министрлик орунга дайындоого макулдук бербей коюшкандыгы тууралуу макала жарыяланууда. Улуттук банк кыргыз фондулук биржасын мамлекеттик баалуу кагаздар базарындагы атаандашы катары көрөт. Кыргыз фондулук биржасынын иши тууралуу анын жетекчиси Нурбек Элебаевдин маеги басылууда. А.Акаевдин ордун ким басат? Жеке коопсуздугу үчүн ал кийинки мөөнөткө шайлоого барышы күмөн. Бирок да четке чыгып калбай, бийлик мөөнөтүн референдум аркылуу узартып, парламенттин таасирин күчөтүш аракетин жасашы мүмкүн экендиги тууралуу Сыргак Абдылдаев ой жүгүртөт. Өзбекстан жардыруулардан кийин чегарасын жаап салгандан чегарага жакын жерде жашаган адамдар кыйналууда. Маселеге гезит кабарчысы Алия Абдулина кайрылган.
XS
SM
MD
LG