Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Таласта дайынсыз жоголгондор көбөйдү


ТАЛАС. Талас облусунда адамдардын таңкалычтуу жагдайларда жоголуусу көбөйө баштады. Облустук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнөн 31-март күнү алынган маалыматка караганда, ушул мезгилде дайынсыз жоголгон 3 адамды иликтөө иштери жүрүп жатат. Жоголгон адамдардын ичинен милиционерлердин өздөрүн спорт менен машыктырып жүргөн Анарбек Сырымбетовдун дареги 1994-жылдын 7-июнунан бери белгисиз. Облустук эмгек инспекциясынын мурдагы начальниги Жаныш Абдыжапаровдун дареги 3 айга жакын дайынсыз болсо, облустук оорукананын кызматкери Сарногоева Айнанын дайыны 20 күнгө жакын белгисиз болуп, аягында алар киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү билинген. Бирок кылмышкерлер кармала элек. Бакайаталык Уулкыз Жоробекова болсо Самара шаарында барымтада жаткан жеринен бошотулуп келген.

XS
SM
MD
LG