Вашингтон Белградды Гаагадагы эларалык трибунал менен жетерлик өлчөмдө кызматташпай жатат деп эсептейт. Бу чечим 1-апрелден тартып күчүнө кирет. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели бул жөнүндө билдирип, ошол эле учурда айрым провинцияларда, анын ичинде Косоводо жана Черногорияда демократияны өнүктүрүү боюнча гуманитардык жардамдар токтотулбай тургандыгын кошумчалады.