Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Нарында диндин абалы талкууланды


НАРЫН. 1-апрелде болуп өткөн кеңешмеде мусулмандар диний башкармалыгы менен евангелия христиан, баптисттердин мамилеси талкууланды. Бирок кеңешмеге катышкан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов Нарын облусунда да ар кайсы диний агымга элди, асыресе өспүрүмдөрдү үгүттөгөн миссионерлер жана айрым чет өлкөлөрдүн таасири астында даабатчылар мыйзамдан сырт иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ал эми Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн акими Асылбек Иманалиевдин пикиринде мындай диний иш аракеттерге тийешелүү мыйзамдардын чийкилигинен таасирдүү чара көрүү мүмкүн эмес болууда. Облуста 102 мусулман дин кызматкери 23 мечит, 43 намасканада иш жүргүзүшсө, баптистер 11 мүчөдөн турган уюмунун иш аракетин Нарын шаарында жана айрым райондордо жайылтууда.

XS
SM
MD
LG