Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Баткенде мугалимдер эки күндөн бери иш таштоодо


БАТКЕН. Облус борборундагы Ленин жана Жоомарт Бөкөмбаев атындагы орто мектептеринин мугалимдери 31-мартта башталган иш таштоону 1-апрель күнү да улантышты. Алардын айтымына караганда, иш таштоого жыл башынан бери эмгек акыларын алышпагандыгы себеп болгон. Иш таштаган мугалимдер жок дегенде 2 айлык маянасын төлөп беришсе гана сабак берүүнү улантышаарын айтышууда. Бул күнү түшкө жуук эки мектептеги мугалимдердин өкүлдөрү менен облус губернаторунун биринчи орун басары Замирбек Нурмухамбетов баштаган облустук бийликтин өкүлдөрү жолугушту. Анда Нурмухамбетов каржы маселеси боюнча абалды түшүндүрүп, мугалимдерди бир аз сабыр кылып турууга чакырды, ошондой эле жакынкы күндө январь айы үчүн эмгек акы толук төлөнөөрүн, февраль айы үчүн эмгек акынын жарымын төлөп турууга аракет көрүлөөрүн билдирди. Ал эми облустук финансы башкармалыгынын башчысы Анарбай Өмүрзаков бул бир жарым айдын эмгек акысы райондук финансы бөлүмүнө бейшемби күнү түштөн кийин которулганын ушул эле күнү "Азаттыкка" маалымдады.

XS
SM
MD
LG