Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Эркин гезиттин редактору тергөө абагына которулду


БИШКЕК. «Энесай» эркин гезитинин "опузалап акча талап кылган" деген шек менен кармалган башкы редактору Бахпурбек Аленов Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу кармоо жайынан Юстиция министрлигинин тергөө абагына которулду. Мындай маалымат бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, Бахпурбек Аленов акча берген Эмир Сарпашев менен көзмө-көз суракта күнөөсүн мойнуна алды. Бирок бул маалыматты Б.Аленовдун өзүнөн же башка эркин булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

«Энесай» эркин гезитинин редактору Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашевден жазган макаласы үчүн 800 доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексининин 170-беренесине ылайык, "опузалап акча талап кылган" деген айып коюлуп жатат. Буга чейин "Азаттыкка" берген интервьюсунда Б.Аленов эч кандай күнөөсү жоктугун айткан болчу.

XS
SM
MD
LG