Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Бийлик өкүлдөрү ишембилик өткөрүштү


БИШКЕК. Бүгүн президенттик администрация менен өкмөттүн аппараты ишембилик өткөрүштү. Президенттик администрациянын кызматкерлери Бишкектин 125 жылдыгы атындагы паркта 2 миң түптөн ашык бак отургузуп, ага президент Аскар Акаев да катышты. Ишембиликте президент сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндөгү экологиялык кырсыктардын бардыгы табигый ресурстарды туура эмес пайдалануудан келип чыгаарын билдирди. Кыргызстандагы суу ташкыны, жер көчкүлөр да айлана-чөйрөгө туура эмес мамиледен болуп жаткандыгын белгилеп, жашылдандыруу жана токой аянтын көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу ишин өнөктүк катары жылына бир ирет гана жүргүзбөй дайыма жасап турууга жалпы өлкө элин чакырды. Ал эми айрым экологдордун пикири боюнча, мындай чакырыкты колдоого болот, бирок, ишембиликте отургузулган бак-дарактар жылы бою каралбай калып жаткандыктан, жашылдандыруу иштеринин жөжөсүн күзгө же жазга калтырбастан, ырааттуу санап туруу абзел.

XS
SM
MD
LG