Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

ИСПАНИЯДА ТЕРРОР КОРКУНУЧУ САКТАЛЫП КАЛА БЕРҮҮДӨ


Кечээ испан полициясы 11-марттагы теракттарга тийешеси бар деп шектелген адамдарды кармоо боюнча атайын операция өткөрдү. Рейд учурунда камалоого алынган террорчу деп шектелген төрт киши өздөрүн жардырып жиберишти. Андан алдынкы күнү Мадрид-Севилья темир жолунда 12 килограммдык бир бомба табылган. Өлкө аймагы боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Испаниянын ички иштер министри Анхель Ацебестин маалыматына караганда, кечээ (3-апрелде) полиция борбор калаанын жака белиндеги Леганес деген жерде бир шектүү турак жайды курчоого алган. Полиция үйгө кирүүгө аракет жасаганда, ичиндекилер арабча кыйкырып, ок ачкан. Андан көп узабай, жардыруу болду.

Министр Ацебес жардыруудан бир полиция офицери да мерт кеткенин, 11и жарадар болгонун кечээ маалымдаган:

- Азырынча террорчу деп шектелген 3 адамдын сөөгү табылганын айта алам. Сыягы, алар өздөрүн өзү жардырган окшойт. Урандылардын арасында дагы башка денелер бар болушу ыктымал. Башка бир шектелгендер 11-мартта Мадридде болгон теракттарга байланыштуу сурак берип жатышат.

Бүгүн (жекшембиде) болсо тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары белгилүү болду. Министр Ацебес, такталган маалыматтар боюнча, өлгөндөрдүн арасында 11-март жардырууларын уюштурган жетекчилердин бири Серханди Фархет деген киши да бар деди. Террорчу деп шектелген дагы эки же үч киши качып кетүүгө үлгүрдү. Операция маалында 10 килограмм жардыргыч зат жана 200 детонатор табылды.

Испан полициясы 191 кишинин өмүрүн кыйган кыянаттыкка тиешеси бар деп 15 адамды камака алган. Дагы беш кишиге – Марокко жана Тунис атуулдарына - эл аралык издөө салынган.

Жума күнү болсо Мадридден 60 чакырымдай алыстыкта бир бомба табылган. Мадрид-Севилья темир жолуна коюлган 12 килограммдык бомбаны темир жолдун бир кызматкери байкап калып, полицияны чакырган.

Министр Ацебестин ырастоосунда, ошол бомба жана 11-мартта пайдаланган жардыргыч заттар динамиттин бир эле түрүнөн жасалган. Бирок, деп кошумчалады Ацебес, аны ким койгону жөнүндө азырынча так айтуу кыйын:

- Азыр бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Темир жолдогу бомба католиктердин пасха майрамынын алдында, эл ары-бери арбын каттаган учурда коюлган. Экспресс-поезддердин каттамы бир күнгө токтотулуп, натыйжада, миңдеген жүргүнчүлөр темир жол бекеттеринде (вокзалдарда) кармалып калды. Өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, темир жолдор тик учактардын жардамы менен көзөмөлгө алынды.

“Соңку бомба менен 11-мартта болгон жардыруулардын ортосунда байланыш болушу мүмкүн” деген божомол Испанияда болочокто дагы теракттар ишке ашырылышы ыктымал деген кооптонууну жаратууда. Жергиликтүү гезиттер Мадриддин Каирдеги элчилиги “Абу Хафс ал-Мысри – ал-Кайиданын бригадалары” деген топтон кат алганын жазып чыгышты. Анда бул уюм 11-мартта болгон окуялар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, испан аскерлери Ирак менен Ооганстандан айдын этегине дейре чыгарылып кетпесе, анда падышалыктын Түндүк Африка жана Жер ортолук деңиз аймагындагы кызыкчылыктарына каршы сокку урулат деп эскертилет.

Учурда полиция катты текшерип жатат.

XS
SM
MD
LG