Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

ЖЕТИМ, КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР…


Учурда төрөгөн эне баласын, бала ата-энесин жээрип, бири-биринен жаа бою качкан учур. Буга эмне себеп? Кыргызстанда бул күндөрү 15 миңден ашуун кароосуз калган жетим балдардын бар экени расмий маалыматта аныкталып, эртеңки келечекти элестеткен жаш муундардын тагдыры жалпы коомчулукту сарсанаага салып турат.

Бишкек калаада үй-жайсыз көчө таптап жүргөн балдар көзгө үйрөнчүк болуп, араба тартып, карта ойноп, уурулук менен күн көрүп жүргөндөрү кадыресе көнүмүшкө айланып калды. Айрыкча айыл жерлеринен агылып келишкен балдардын эсебинен кароосуз калган балдардын саны жай мезгилинде көбөйүп кетет. Балтыры ката элек бала, күнү бою араба түртүп, үй-бүлөсүн бакканга далалаттанып жүргөнүн айтса, экинчи бир бала жылы бою жарытылуу тамак жебегенин айтып, арман кылат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG