Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Германиядан гуманитардык жардам келет


БИШКЕК. Германиянын «Кызыл чырым» коому Кыргызстанга 330 миң евро өлчөмүндө медициналык багыттагы гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Кыргызстандык немистердин уюмунун төрагасы Валерий Диль билдирди. Анын айтымында, бул жардам өлкөнүн медициналык мекемелерине жана ооруканаларына бөлүнүп берилет. Германияга көчүп барган мурунку мекендештер да Кыргызстанга жыл сайын гуманитардык жардам көрсөтүп турушат. Быйылкы жылы алар көрсөткөн жардамдын көлөмү 200 миң евродон ашык болот, деп белгиледи Валерий Диль.

XS
SM
MD
LG