Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Маскөөдө Каспий деңизинин макамы боюнча жыйын өтүп жатат


Каспий деңизине чыккан беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Маскөөдө жолугуп, деңиз алдындагы мунай жана газ байлыктарын кантип бөлүштүрүү маселесин талкуулады. Жакын арада Тегеран шаарында беш өлкөнүн президенти да жолугуп сүйлөшүүгө тийиш жана министрлер ал маселени алдын ала караштырууда. Орус министри Сергей Лавровдун айтымында, маселе абдан орчундуу:

- Каспий өтө бейстабилдүү аймакта, ал эларалык терроризм очокторуна жакын жайгашкан. Ошондуктан биз аймактан чыккан терроризм жана башка коркунучтарга биргелешип күрөшкөнүбүз өтө манилүү.

Негизги кыйынчылык - Каспийди көл же деңиз деп эсептеш керекпи деген маселе менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG