Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Айгүл гүлү коргоого алынды


БАТКЕН. Облустук өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо кызматынын башчысы Ашыралы Пирматовдон 6-апрелде алынган маалыматка караганда, сейрек кездешүүчү ажайып гүлдү суук колдордон сактоо максатында аталган кызмат Сейитказы Эрматов атындагы орто мектеп менен биргеликте коргоо уюштурду. Буга ылайык аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары Айгүлташ тоосунун гүл өскөн жерлерине кезек-кезек менен күзөткө турушуп, келген адамдардын гүлгө жасаган мамилесин көзөмөлгө алышууда. Ал эми гүлдү үзгөн адамдарга мыйзам негизинде акчалай айыптар салынат. Мындай иш-чара 1982-жылдан бери жыл сайын Айгүл гүлдөгөн мезгилде уюштурулат. Бул демилгени ошол учурда жоголуп кетүү коркунучу туулган гүлдү сактап калуу максатында жергиликтүү мугалимдер көтөрүп чыгышкан. Апрель айында гүл ачкан Айгүл бир ай ичинде кайра гүлүн таштайт. Илимде Петлиум Эдуарда деп аталган бул ажайып гүл дүйнөнүн 2-3 гана өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстандын Баткен облусунда да өсөт.

XS
SM
MD
LG