Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

СОЛОМОН ПАССИ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДЕМОКРАТИЯНЫН АБАЛЫНА ЫРААЗЫ


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы Соломон Пассинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча таанышуу сапары бүгүн Кыргызстанда уланды. Төрага Кыргызстандын президенти, парламент жетекчилери менен кездешкенден кийин журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.

Соломон Пасси Кыргызстанда демократиялык жаңылануу жакшы ыраатта жүрүп жатканына ыраазы болгонун жашырган жок.

- Мен сиздердин өкмөттү демократиялык реформалар жаатында жетишилген ийгилиги менен куттуктап койгум келет,- деп айтты Соломон Пасси.

Төрага кыргыз-болгар элинин байланышы тарыхтын түпкүрүнөн башталаарын, Болгария мамлекетин негиздөөчүлөр мындан 13 кылым илгери ушул жерден кетишкенин айтып, Кыргызстанга келишине абыдан курсант болгонун жашырбады. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, адам укуктарынын сакталышы тууралуу Соломон Пасси пикирин мындайча билдирди:

- Тактай кетейин, ЕККУ өкмөттөр ортосундагы эларалык уюм. Биздин өнөктөшүбүз - ошол өлкөнүн өкмөтү. Уюмдун чечимдери ымалага келүүнүн – консенсустун негизинде кабыл алынат. Кайсы бир маанилүү же андай эмес чечимди кабыл алыш үчүн ага мүчө 55 өлкөнүн өкмөтү макулдугун бериши зарыл. ЕККУ өкмөткө каршы же анын макулдугусуз иш жүргүзө албайт.

Соломон Пасси ЕККУ Кыргызстанда көп диндүүлүк өкүм сүргөнүн, диний негизде чыр-чатактар жоктугун белгилеп, бул жагдай Кыргызстандын саясий-экономикалык өнүгүшүнө жагымдуу таасир тийгизээрин айтты:

- Ошон үчүн кайсы бир мааниде мен сиздерге суктанам. Мен сиздердин өкмөттүн өлүм жазасына тыюу салуу чечимин чоң жетишкендик катары баалайм. Сиздердин президент бул мыйзам боюнча жаңы кадамдар жасалат деп ишендирди.

Соломон Пасси жаза өтөө жайларынын юстиция министрлигинин карамагына берилишин дурус жышаан катары баалады.

НАТОнун чыгышка карай улам берилеп келатканына токтолгон ЕККУ төрагасы:

- НАТО кайсы бир өлкөгө каршы аракет жасабайт. НАТО жалпы коркунучка каршы турат. Андай коркунуч - террорчулук. Коркунуч бизге чыгыштан келет. Ошондуктан биз чыгышты көздөй жылып жатабыз. Биз Орусия менен кызматташып келатабыз,- деп айтты.

ЕККУ төрагасы Кыргызстанда эмдиги жылдагы шайлоо калыс өтүшүнө көмөк көрсөтүлөөрүн маалым кылды. Анын айтымында, президент А.Акаев менен жолугушуу учурунда эмдиги жылкы шайлоого анын катышаар-катышпасы тууралуу кеп болгон жок. Соломон Пасси Кыргызстан жанындагы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла прогресске жетишти деп эсептейт:

- Бир өлкөдөн экинчисине барып жер кыдырып жүргөн мен абалды салыштырып айта алам. Силердин өлкөдө кошуналарга салыштырмалуу кыйла прогресс бар. Бирок бул силерде баары мыкты, эч кандай проблема жок дегендикти түшүндүрбөйт. Андай проблемаларды чечүүгө ЕККУ көмөк көрсөтөт.

Аксы проблемасы тууралуу ЕККУнун Бишкектеги офисинин башчысы Маркус Мюллер маалымат берди:

- Аксы окуясына биз чоң маани берип, кылдат көзөмөл салып турабыз. Биз үчүн андай окуянын эми кайталанбашына жетишүү маанилүү. Анын үстүнө бул окуяга толук укуктук баа бериле элек. Аксыдагыдай окуя болбошу үчүн биз ички иштер кызматы менен биргелешип, үлгүлүү ички иштер кызмат бөлүмүн түзүү аракетин көрүп жатабыз. Январь айында мен өзүм ал жерде болдум.

Соломон Пасси Кыргызстандан соң Түркмөнстанга бара тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG