Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Дүйнөдө адамдар жол кырсыгынан көп өлүп жатышат


ВАШИНГТОН. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, жылына дүйнө жүзү боюнча жол кырсыгынан 1 миллион 200 миң чамалаш адам набыт болуп, 50 миллионго жакыны жаракат алышат экен. Жолдун начардыгынын жана жол коопсуздугунун жөнгө салынбагандыгынын кесепетинен күнүнө 3 миң адам жашоо менен кош айтышат. Калкынын 20 пайызы гана транспорттон пайдаланганына карабастан жол кырсыгынын 80 пайызы өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө болуп турат жана ал тездик менен өсүп жатат.

Жагдай ушул калыбында кала берсе 2020-жылга чейин өлүмдүн башкы себепчиси жол кырсыгы болуп, СПИД, ВИЧ-инфекциясы менен кургак учук кийинки орундарга жылат. Дүйнөлүк Банк менен Саламаттык сактоо уюму мындай отчетту ден соолук күнүнө карата жарыялаган.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Сарыгулова, Прага

XS
SM
MD
LG