Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

ОРУСИЯ МЕНЕН НАТОнун МАМИЛЕСИ КАНДАЙ БОЛОТ?


Төрөкул Дооров, Москва Кечээ - 7-апрелде Түндүк атлантикалык альянстын (НАТОнун) башкатчысы Яап де хооп Схеффер Москвага эки күндүк иш сапары менен келди. Бүгүн НАТОнун жетекчиси Орусиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Орусия парламентинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Яап де хооп Схеффер НАТОнун башкы катчысы катарында Орусияга алгачкы ирет келип олтурат. Орус жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн мааниси жана зарылдыгы, анын айтымында, өтө жогору.

Түндүк атлантикалык альянстын катары дагы жети мамлекет менен 29-мартта кеңейген. Жаңы мүчөлөрдүн арасында «Европадагы жөнөкөй аскерий күчтөр жөнүндөгү» келишимди кабыл ала элек өлкөлөр да бар. Булар: Латвия, Литва, Словения жана Эстония.

2-апрелде Брюсселде өткөн Орусия-НАТО кеңешинин кезектеги жыйынында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун кеңейүүсүнө карата ырасмий Москванын терс мамилеси дал ушул фактынын негизинде болуп жаткандыгын айткан. Андан бери тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр токтогон жок. Натыйжада НАТОнун жетекчилиги жаңы мүчөлөр аталган келишим күчүнө кириши менен ага кошула тургандыктарын айтты.

- НАТОго мүчөлүккө алынган жумурияттар аталган келишимди кабыл алуу ниетин билдиришти. Ага чейин алар келишимдин талаптарына каршы келе турган аракеттерди жасашпайт, - деди Схеффер.

Жакында Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Вашигтондо НАТОнун кеңейүүсү тууралуу терс пикирин билдирип, «эми НАТО Балтика боюндагы өлкөлөрдү өзүнүн катарына кошуу менен Европа коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат», деген. Министр ошондой эле «мындан ары Орусия тараптан жүргүзүлө турган баардык аскерий-саясий аракеттер өздүк коргонуу катарында таанылышы керектигин» билдирген.

Ал эми бүгүн НАТОнун башкы катчысы Схеффер менен болгон жолугушууда Орусиянын коргоо министри акыркы мезгилдерде жаралып жаткан «жаңы коркунучтарга каршы күрөштө» Орусия НАТО менен кызматашууга даяр экендигин айтты.

- «Кансыз согуш» мезгили аяктады. Анткен менен НАТО жана Орусия алдында «Терроризм, уюшкан кылмыштуулук» өңдүү жаңы коркунучтар пайда болду. Андыктан ушул проблемалар боюнча Орусия НАТО менен кызматташууга даяр», - деди Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов.

Ушул эле күнү Схеффер Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

- Сүйлөшүүлөрдө Орусия менен НАТО ортосунда мындан ары кызматташтык кайсыл багыттар боюнча жүрүшү керектиги талкууга алынып, Ооганстан менен Ирактагы жана дүйнөнүн бир катар конфликтүү жерлеринде жагдайдын өнүгүш жолдору тууралуу пикир алмашуу болду, - дейт Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов.

Анын айтымында, тараптар мындан ары кызматташтыкты арттырууда биргелешкен аракеттердин зарылдыгын жана бири-бирине ишенимдин болушу керектигин белгилешкен.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG