Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

10-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Кыргызстандын аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 10-апрелде өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын болуп, Чүй, Талас облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт.
ЧҮЙДӨ абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +3…+8 градус жылуу.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу,ал эми күндүз +7…+12 градус жылуу болот.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн -1…-4 градус суук, күндүз +9…+14 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ күндүз жамгыр себелеши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +7…+9 градус жылуу.

Жаңылыктар түрмөгүн Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.
Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG