Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Бомбалар тууралуу жалган маалыматтар көбөйдү


БИШКЕК. 8-апрель күнү саат 11.10до Бишкектин 12-кичи районунундагы 65-үйгө жардыруучу заттын коюлганы тууралуу маалымат тартип коргоо органдарына келип түшкөн. Бомба коюлду деген жерди улуттук коопсуздук комитети, куткаруу кызматы жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү тобу кылдаттык менен текшерип чыгып, эч кандай жарылуучу заттар табылган жок. Бул тууралуу бүгүн улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. Алар маалымдагандай, жогорудагы үйдүн тургундарына “жардыруучу зат коюлду” деп жашыруун кабарлаган 12 жаштагы бала кармалып, учурда бул тууралуу материалдар улуттук коопсуздук кызматынын иликтөө органына жөнөтүлгөн.

Ал эми 7-апрель күнү “Вечерний Бишкек” газетасынын редакциясы жайгашкан имаратка да бомба коюлду деген жалган маалымат билдирилген.

XS
SM
MD
LG