Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:46

11-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкектеги аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда 11-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын аймактарында -1 градустан -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүк мөмөлүү бак-дарактарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

11-апрелде Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус жылуу болушу күтүлөт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн -3 градус сууктан, +2 градуска жылуу, күндүз +10…+15 градуска жылыйт.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус жылуу.

Жаңылыктар түрмөгүн Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.
Аба ырайы тууралуу маалыматты М.Аманбаева сунуш кылды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG