Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Катарда Орусиянын чалгындоо кызматынын эки агентинин үстүнөн сот башталды


Аларга Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевдин өмүрүнө кол салуу үчүн айып тагылууда. 13-февралда Дохада Яндарбиев бараткан машинада бомба жарылып, андан экс-президент мерт кеткен, анын өспүрүм баласы жарадар болгон.
Яндарбиев 96-97-жылдары Чечен президентинин кызматын аткарып келген. Төрт жылдан бери Катарда жашап жүргөн.
Москва Яндарбиевди терроризм жана "Ал-Каида" менен байланыштары үчүн айыптап, анын Орусияга өткөрүлүп берилишин Катар бийлигинен талап кылып келаткан.
Чалгынчылар күнөөлү деп табылса, өлүм жазасына өкүм кылынышы ыктымал. Орусия агенттердин кол салууга эч кандай тиешеси жок деп, алардын бошотулушун талап кылууда.
Сот 25-апрелге калтырылды.

XS
SM
MD
LG