Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

ИРАНДЫН ИРАК БОЮНЧА САЯСАТЫ АКШга ЖАКПАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын шийи мусулмандары арасында түзүлгөн "Мехди армиясы" жана Иракты башкарган америкалык аскерлер ортосунда апрелдин башында куралдуу кагылышуулар башталды. Кээ бир эксперттердин пикиринде, бул жаңы куралдуу топту түптөгөн Муктада ас-Садрдын артында кошуна Иран турат. Бирок ошол эле убакта ага жетиштүү далилдер жоктугу да айтылууда.

Ирандагы мусулмандар негизинен шийилер. Кошуна Ирактын калкынын 60 пайызы дагы шийи жана алар президент Саддам Хусейндин учурунда басмырланып келген. Ошондуктан ирактык шийилердин бийликке келишине Тегеран кызыкдар экени түшүнүктүү жана америкалык жетекчилер такай Иранды күнөөлөп, Тегеран Ирактын ички иштерине кийлигишүүдө деп айтып келет.

Аны менен катар Саддамдын бийликтен кулатылышын Тегеран былтыр колдогон болчу. Иран америкалыктар түзгөн Ирактын Убактылуу башкаруучу кеңешине да эмгиче колдоо көрсөтүүдө. Анткени 1980-жылдарда Саддам Иранга кол салып, анын аскерлерине каршы химиялык курал да колдонгон.

Тегеран - "Ирактагы исламдык революция үчүн жогорку кеңеш" деп аталган уюмду жана Убактылуу кеңешке мүчө болуп кирген анын төрагасы Абдул Азиз Хакимди колдогону белгилүү. Хаким болсо Садрдын аракеттерин жактырбайт жана алар душман экени тууралуу да маалыматтар бар. Экинчи жагынан, ирактык шийилердин руханий жетекчиси аятолла Али Систани эмгиче эч бир жерде Садрдын аракеттерине колдоо көрсөткөн жок, тескерисинче, ал элге кайрылып, америкалык план боюнча шайлоо өткөрүүгө үндөп келатат.

Ошол эле учурда Муктада Садр ирандык аятолла Казем Хаеринин шакирти экени белгилүү. Өткөн жылдын июнунда Садр Иранга барганда аны мурдагы президент, азыр Ирандын Көзөмөлдөө кеңешинин төрагасы Али Акбар Хашеми-Рафсанжани кабыл алган. 9-апрелде Рафсанжани Садрдын аракеттерин колдогон сыяктуу жарыя жасады:

- Жакында пайда болгон Мехди армиясына - мурдагы Саддамдын бийлигине да нааразы, азыркы америкалык башкаруучулуктун саясатына да нааразы болгон эр жүрөк жаштар бириккен.

Ошондуктан кээ бир эксперттер Иран азыр эки ачакей саясат жүргүзүп жатканын айтууда. Эгер Садрдын аракеттеринен Иракта элдик козголоң чыгып, америкалык жетекчилик алсыраса, ал жалпысынан Тегеран үчүн пайдалуу. Анткени өлкөдө шийилердин бийликке келүү мүмкүнчүлүгү артат. Садр утулуп, анын аскерлери талкаланса, Ирандан колдоо алган Хакимдин туруму бекемделет.

Анткен менен тегерандык профессор Дауд Хермидас Баванддын пикиринде, Ирандын өзүндө Ирак маселеси боюнча бир пикир жок. Ошондуктан Тегеран эки ачакей саясат жүргүзүүдө деген күнөө негизсиз:

- Андай болушу мүмкүн. Бирок менин оюмча, ал ирандык өкмөттүн жалпы саясаты эмес. Ирандын өзүндө ар башка агымдар бар экени белгилүү жана алардын Ирак менен Ооганстандагы абал боюнча пикирлери ар башка. Эгер жалпы өкмөттүк саясат тууралу сөз кылсак, Ирактагы экономикалык абалдын оңолушуна колдоо көрсөтүп, Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташкандан башка Тегерандын айласы жок.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин пикиринде болсо Ирактын ички иштерине Иран одоно түрдө кийлигишүүдө:

- Иран кийлигишип жатканын биз билебиз жана Ирактын иштерине кошуна мамлекеттердин кийлигишкени жакшы эмес. Менин оюмча, деги эле кайсы бир кошуна өлкөнүн үстөмдүк кылганы эч бир элге, эч бир кошуна мамлекетке жакпайт.

Акыркы айларда Ирактын бир топ расми жетекчиси Тегеранга барып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп келген.

XS
SM
MD
LG